Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 24.03.2023

Лейлек: кылым карыткан килемчиликти аздектеген айыл

Azattyk.org 

Лейлектин мурдакы Маргун азыркы Мурас айылында койдун бир тал жүнү жөн калбайт. Ал эле эмес жүндү Бишкектен, Алайдан бери сатып алышат. Анткени бул айылда дээрлик ар бир үйдө койдун жүнүнөн килем токуу өнөрү колго алынып, жумушсуз келин-кыздар килемчиликтен киреше таап турат.

Москвада төрт кыргыз жараны мекендешинин өлүмүнө шектелүүдө

Azattyk.org 

Москвада төрт кыргызстандык жаран мекендешинин өлүмүнө шектелип кармалганын 24-мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, маркум Чүй облусунун Сокулук районунда туулган 18 жаштагы жигит болгону аныкталды. Окуя 22-мартта Москванын Павшино кичи районунда болгон, жергиликтүү полиция бөлүмүнө көчөдө эки киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери барганда ал жерде жаткандардын экөө тең бычакталганын, бири жан бергенин аныкташкан, экинчиси (19 жашта) ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Экономика министрлиги кумарканалардын салыгын азайтууну сунуштады

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министри кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койду. Ага ылайык, бааларды төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталды: Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн: 2023-жылы – 450 000 сом; (азыркы талап боюнча 1 млн. сом) 2024-жылдан тартып – 600 000 сом; ( азыр 1 млн. 250 миң сом) Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн: 2023-жылы – 10 миң сом; (азыр 75 миң сом) 2024-жылдан... Читать дальше...

"Бир дүйнө Кыргызстан" тасмаларды көзөмөлдөө боюнча токтом долбооруна тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

“Бир дүйнө – Кыргызстан” кыймылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өлкө аймагында көрсөтүлө турган тасмаларды текшерүү боюнча токтом долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Министрлик 2016-жылы кабыл алынган “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомго өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. Бул документ 27-февралда коомдук талкууга коюлган. Читать дальше...

Машине сүзүп кеткен Миргүлдүн балдары акыйкаттык издейт

Azattyk.org 

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден машине коюп кетип каза болгон Миргүл Айткулованын жакындары акыйкаттык издеп жүрөт. Алар маркумду сүзүп кеткен айдоочуну тиешелүү жазага тартуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышты. Айдоочу жол эрежесин одоно бузуп, киши өмүрүнө забын болгону тууралуу видео далил турганына карабай, укук коргоо органдары аны бошотуп жиберди деп нааразы болуп жатышат. Шектүү тарап комментарий бере элек. "Бир эмес, эки видеокамерага тартылып калган" Миргүл Айткулова болгону 50 жашта болчу. Читать дальше...

Жапаров: 24-мартта эл бийликтин жалгыз булагы экенин тастыктаган

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 24-март - элдик ыңкылаптын 18 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, бул окуяда кыргызстандыктар бийликтин жалгыз булагы эл экенин тастыктаганын билдирди. Мамлекет башчы кайрылуусунда кыргыз эли адилетсиз башкарууга баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл экенин белгилеп, эгемендик алгандан кийинки окуялардан дайым сабак алынышы керектиги айткан. “Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге... Читать дальше...

Бишкек: мэрди эл шайлаганда шаар өнүгөбү?

Azattyk.org 

14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Бишкек шаары үчүн маанилүү мыйзамдын долбоорун карады. Ага ылайык эгер мыйзам кабыл алынып, президент тарабынан кол коюлса Бишкектин мэрин Бишкектин тургундары шайламакчы.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *