Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2023

Новости за 29.03.2023

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

30-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз айрым аймактарда жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жылыйт. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Министр Амангелдиев: Кымбатчылыкка каршы чара көрүүдөбүз

Azattyk.org 

Кыргызстан Батыштын санкцияларына туш болбош үчүн бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" маегинди билдирди. Ал учурда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясат, бааларды кармоо аракети ишкерлердин нааразылыгы боюнча суроолорго жооп берди

Иран: Революция сакчылары корпусунун жогорку өкүлү митингчилерге эскертүү берди

Azattyk.org 

Иранда Революция сакчылары корпусунун жогорку өкүлү Систан жана Балучистан провинцияларындагы митингчилерге “кызыл чектен” чыкпоону эскертти. Сөз болгон чөлкөмдөрдө жума намазынан кийин өкмөткө каршы акциялар өтүп келатат. Корпустун Tasnim кабар агенттигинин маалыматына караганда, кургактагы аскерлердин командачысы Мохаммад Пакпор аймактагы толкундоолордун артында “карасанатай күчтөр, душмандар турат” деп айтты. Элдин коопсуздугуна коркунуч жаралса, олуттуу жооп кайтарыларын эскертти. Бийлик “кызыл... Читать дальше...

Ошто экстремисттик уюмдун мүчөсүнө паспорт жасоого шек саналган аял кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун аймагынан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдады. "Ош облусунун тургуну, Кыргызстандын жараны Х.У.О. кармалды. Ал эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын... Читать дальше...

Депутат Кемпир-Абад боюнча камалган активисттерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкө жетекчилерине кайрылып, Орозо айында кечиримдүү болуп, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотууга чакырды. "Мекенге күйгөн эр-азаматтарыбыз, эжеке-карындаштарыбыз бүгүнкү күндө эч күнөөсүз абакта отурат. Бийликтин душмандары башкалар. Ыйык Орозо айынын бир күнүн текке кетирбей кармап калгыла. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кечирип коюңуздарды суранам. Алар түрмөдө отуруп мамлекетке кереги тийбесе да, үйдө жакындарына көбүрөөк керек", - деп жазды депутат Фейсбуктагы баракчасына. Читать дальше...

Исманкуловдун клиникасынын ордуна неврологиялык бөлүм ачылат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги "Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы" деп аталган клиинка ээлеп турган имаратка Бишкек шаарынын №2 ооруканасына караштуу неврологиялык бөлүм ачыларын кабарлады. Аталган имаратка министр Гүлнара Баатырова 28-мартта барып, бөлүмдөрдү кыдырып, имаратты карап чыкканын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. №2 шаардык ооруканадагы неврология бөлүмү имаратка көчүрүлүп, керебеттердин саны 80ге чейин көбөймөкчү. Оорукана жетекчилигине бошогон имараттын үчүнчү... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Улукбек Маматаев ооруканадан тергөө абагына которулду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев операциядан кийин кайрадан тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембериев "Азаттыкка" билдирди. Маалыматты Улукбек Маматаевдин адвокаты Асел Аргынбаева ырастады. "Ооруканадан бүгүн эле чыкты. Аны кайра эле тергөө абагына алып кетишти. Бирок врачтар аны саламаттыгына байланыштуу дагы медициналык кароодо болушу керек дешти. Мен учурда №1 тергөө абагынын жетекчисине кат жазып... Читать дальше...

Кыргызстанга ташылган автоунаалар Беларус бажысында кармалууда

Azattyk.org 

Кыргызстанга ташылып келаткан 500дөн ашык автоунаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" машине ташып иштеген ишкелердин бири Данияр Салякаев билдирди. Анын айтымында, Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатат. "Эмне үчүн кармап жатышкан себебин айтышкан жок, текшерүүнүн убактысы тууралуу да бизге маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет деп айтууда. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Читать дальше...

Экс-депутаттын уулуна алданганын айткан тарап сот чечими аткарылбай жатканын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге алданганын айткан тарап келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча сот чечими аткарылбай жатканын билдирди. Бишкек шаарындагы Предгорная көчөсүндөгү №24 жана №26 дарегиндеги үйлөр 2021 жана 2022-жылдары Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен жабырлануучу тарапка өткөрүлгөн. Үйдүн документтери да жаңы ээсине катталганын жабырлануучунун юристи Сталбек Токтомамбетов билдирди. Ал бүгүн, 29-мартта үйдү бошотууга милиция кызматкерлери келбей койгонун айтты. Читать дальше...

Сузакта айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жер сатууга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 29-мартта маалымдады. "Кызыл-Туу айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак... Читать дальше...

Убактылуу кармоочу жайларда укук бузуулар аныкталды

Azattyk.org 

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун аймактык кызматкерлери Аксы, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыктарынын убактылуу кармоочу жайларын текшерип, бир катар укук бузууларды аныкташты. Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты. Ага ылайык, Ала-Бука жана Аксы райондук милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда сот чечими менен Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камоого жиберилген шектүүлөр отурат. "Таш-Көмүр шаардык соту Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына карабай... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *