Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 04.10.2023

Өзбекстанда майнинг иштетүүгө уруксат берилди

Azattyk.org 

Өзбекстанда майнинг ферма иштетүүгө уруксат берилди. Юстиция министрлиги 4-октябрда кабарлагандай, өкмөт сентябрдын этегинде “Майнинг ишмердигине уруксат берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитти. Жобого ылайык, майнинг иштетүү үчүн колдонулган электр энергиясын эсептеген жабдуу орнотулуп, бирдиктүү энергетикалык системага кошулуу керек. Майнинг фермалар документте катталган дарегинде өрт коопсуздугун, санитардык эрежелерди сактап ишмердик жүргүзүүгө тийиш. Майнерлер Өзбекстанда крипто-активдерди... Читать дальше...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Каржыга такалган долбоор

Azattyk.org 

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп, иш эми каражатка такалды. Кыргыз бийлиги өлкө тарыхындагы эң ири долбоорду каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирип, бирок анын булагы боюнча так маалымат бере элек. Жакында эле “темир жолду куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганы” жөнүндө кабар тарап, өкмөт аны четке каккан. Темир жол долбоору 4,7 млрд долларга бааланды 3-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында... Читать дальше...

"Кыргыз темир жолу": Казакстан аркылуу кара май ташуу токтогон жок

Azattyk.org 

4-октябрда Астана шаарында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев менен “Казакстан темир жолы” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жолугуп, жүк ташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Анда тараптар октябрга карата Кыргызстанга 144 миң тонна көлөмүндөгү мунайзат жеткирүүнү  макулдашты. Ушул тапта 24,5 миң тонна мунайзат Кыргызстан тарапка келе жатканы кабарланды. Жолугушууда Казакстан... Читать дальше...

Министрлер кабинети мектептерде акча чогултууга тыюу салды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салды. Тиешелүү токтом 28-сентябрда чыкканы “Токтом” порталына жарыяланды. Документ “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгын ишке ашыруу жана окуучуларга шарт түзүү максатын көздөй турганы жазылган. Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жол бергендер жоопко тартылары эскертилген. Читать дальше...

Кыргызстанда 264 миң гектар жайыт жараксыз абалга кептелди

Azattyk.org 

Кыргызстанда жараксыз абалга кептелген жайыттардын аянты өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын угуу учурунда белгилүү болду. Депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго айыл чарба, мал чарбасы, бузулган жайыт жерлер жөнүндө да собол узатып, министр ага минтип жооп берди. “Кыргызстанда 9 млн 34 миң гектар жайыт бар. Анын 45% тоо-таштар болуп эсептелет. Калганы мал жайганга жарай турган жерлер. Ошонун ичинде 264 миң гектар жер деградацияда деп такталды”... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

Azattyk.org 

4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда айыпталуучудар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот өтүнүчтү четке какты. Бүгүнкү соттук отурумга камакта жаткан 11 айыпталуучу алынып келген эмес. Судья аларды соттук териштирүү бүткөнгө чейин четтеткени кабарланды. Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтууда. Мунун алдында райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыккан. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: "Газпром" газ менен мунай өндүрүүнү сунуштап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 4-октябрдагы жыйынында өлкөнүн түштүгүн газдаштыруу, күйүүчү май менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. Депутат Нурбек Алимбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, "Кыргызнефтегаз" ишканасынын өндүргөн май Ош менен Жалал-Абад облусуна жетиши мүмкүн деген сөздөр бар экенин айтып, буга байланыштуу анын пикирин сурады. Өкмөт башчы учурда Орусиянын "Газпром" ишканасы менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, айрым сунуштар берилгенин маалымдады, "Биз 1-январга чейин... Читать дальше...

Акылбек Жапаров "Жунда" заводунун иши эки жылда жанданарын айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводу эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирди. Ал 4-октябрда парламент жыйынында орун басары Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдады.  "Биз "Жунда" маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде бир жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн... Читать дальше...



Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 млн сомдой каржылык бузуу табылды

Azattyk.org 

Эсептөө палатасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталган мекеме аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгындагы (төрт жыл) бюджетинин сарпталышын текшерген. "Анда бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом; мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом; эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом; мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сомду түзгөн. Читать дальше...

Сокулукта өспүрүмдү урган деп шек саналган эки адам кармалды

Azattyk.org 

Сокулук районунда 16 жаштагы өспүрүмдү сабаган деген шек менен эки адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, райондук милицияга 29-сентябрда Б.С. аттуу жаран өспүрүм уулу сабалганы тууралуу милицияга кайрылган. Анда “Б” аттуу жаранды, анын уулуна жана дагы аты-жөнү белгисиз дагы бир адамды айыптап, аларга чара көрүүнү суранган. "Бул факт Сокулук милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Читать дальше...

Бишкек мэри кийинки эки жылда шаар толук газдаштырыларын айтты

Azattyk.org 

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газдаштырыларын айтты. Ал 4-октябрда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда 11 конушту газдаштыруу иштери аяктап калганын кабарлады. Ушул жылдын август айында “Газпром Кыргызстан” 2023-жылы шаарда жалпысынан 218 чакырымдык газ түтүктөрүн орнотуу пландалганын билдирген. Буга чейинки иштердин жыйынтыгы менен 45 миң үй газга туташканын, быйыл 11 калктуу конуштагы долбоордун алкагында 10 миң үйгө газ берилерин белгилеген. Читать дальше...

Түндүк-түштүк кошумча жолуна түшкөн таш тазаланып жатат

Azattyk.org 

Түндүк-түштүк кошумча жолунун Арал-Казарман тилкесинде, 270-274-чакырымына түшкөн ташты тазалоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. "Тоо боорунан кулаган таштардын жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат. Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты машина өткөрүлүп... Читать дальше...

АКШда Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирди

Azattyk.org 

АКШда Өкүлдөр палатасында 3-октябрда спикер Кевин Маккартини отставкага кетирүүгө байланыштуу маселе добуш берүүгө коюлду. Бул сунушту 216 конгрессмен колдоп, 210у каршы болду. Бул Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасынын тарыхында спикерди отставкага кетирген биринчи окуя болуп калды. Reuters агенттиги бул чечим Маккарти менен анын республикачыл айрым кесиптештери талашып-тартышкан жагдайдан улам кабыл алынганын жазды. Республикачылардын араздашуусу Конгресстин эки палатасында тең убактылуу, 45... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: сот жараяны ачык өтүшүн талап кылгандар акцияга чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында 4-октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылып акцияга чыкты. 27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга... Читать дальше...

Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депуттар тобу 3-октябрда Беларуска иш сапар менен кетти. Парламенттин басма сөз кызматы анын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өтөрүн кабарлады. "Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланат",-деп жазылган маалыматта. Делегациянын курамында депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Медербек Саккараев... Читать дальше...

Азери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды

Azattyk.org 

Азербайжанда бир катар маалымат каражаттары өкмөттөгү ишенимдүү булактарга таянып, жикчил Тоолуу Карабактын үч мурдагы президенти - Араик Арутюнян, Аркадий Гукасян жана Бако Саакян кармалганын кабарлады. АПА агенттиги алардын баары Степанакерт шаарында колго түшкөнүн, андан ары Бакуга алынып келгенин жазды. Мунун алдында азери бийлиги Арутюнянга эл аралык издөө жарыялаган. Азербайжандын аскерлери аталган аймактын парламентинин спикери Давид Ишханянды дагы кармап, Бакуга алып келген. Report... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *