Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды

0
Президент Жапаров чек ара маселесин чечүүнү убада кылды

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү убада кылды. Ал сөзүнүн башында былтыркы Баткендеги чек ара чатагын эске салып, жаңы жылдык куттуктоосун дал ушул аймактан жолдоону туура көргөнүн билдирди. Жапаров чек ара чатагында каза болгон жарандардын эрдиги эч качан унутулбасын белгиледи. 

“Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз. Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз”, - деп билдирди.

Президент узаган жылы Кумтөр кенин башкаруу Кыргызстанга өтүп, өлкө бюджети көбөйүп, айлык акылар жогорулаганын, “Камбар-Ата-1” ГЭСи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду баштоо аракети көрүлгөнүн кошумчалады.

Садыр Жапаров 2023-жылы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө конкреттүү пландар бар экенин белгилеп, бул үчүн коомдо биримдик керек экенин билдирди.

Президенттин УТРК жана башка каналдардан көрсөтүлгөн куттуктоосу Баткенден түз берилгенин же алдын-ала жазылганын анын маалымат кызматы тактаган жок.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *