Кемпир-Абад иши: Орозайым Нарматова ден соолугунан улам үй камагына чыкты
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Гуляна Убалиева ырастап, сот Нарматованын саламаттыгынан улам чукул түрдө бөгөт чарасын караганын билдирди: "Орозайым 28-январда катуу ооруп, жүрөк оорусу кармап, "Тез жардам" менен ооруканага түшкөн. 30-январда түштөн кийин сот чукул түрдө аны үй камагына бошотту", - деди ал. Нарматованын бөгөт чарасын кайсы сот караганы маалымдалган жок. Читать дальше...