Иранда коргоо министринин мурдагы орун басары дарга асылды
Иранда коргоо министринин мурдагы орун басары Али-Реза Акбари Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деп дарга асылды. Ал Ирандын жана Британиянын жараны болгон. Акбари өлүм жазасына тартылганын Би-Би-Си Ирандын мамлекеттик ЖМКларына таянып билдирди. Буга чейин Ирандын Жогорку Соту анын апелляциялык арызын четке каккан. Мурдагы аткаминер 2019-жылы кармалып, "британиялык чалгын кызматына тыңчылык кылган, бул үчүн 2 миллион доллар алган" деп айыпталган. Би-Би-Синин перс кызматына түшкөн аудио жазууда... Читать дальше...