Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Депутат Жамгырчиев Кыргызстандан эч кайда чыкпаганын билдирди

0
Депутат Жамгырчиев Кыргызстандан эч кайда чыкпаганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 31-декабрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагынан сыртка чыкпаганын маалымдады.

Жамгырчиев атасы ооруп жаткандыктан парламент спикерине маянасы сакталбаган эмгек өргүүсүнө чыгуу жөнүндө арыз бергенин билдирди. Атасына операция жасатуу үчүн чет өлкөгө аны менен кошо чыга албаганын, учурда Нарын облусунда экенин маалымдаган. Эл өкүлү чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн кошумчалаган. Тааныштары менен байланышка чыга албай калганын сыркоолоп калганы менен түшүндүрдү.

2022-жылдын 26-декабрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат тараткан.

Жамгырчиев 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармалып, кайра бошотулган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү белгилүү болгон. Айдарбеков Кыргызстандан чыгып кетип, кийинчерээк кайтып келди.

Депутат Жанарбек Акаев 30-ноябрдагы сессияда Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы чыккан депутаттарга куугунтук болуп жатканын айтып, Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген.

Айдарбеков да, Жамгырчиев да бул макулдашууга каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болчу.

УКМК тыңшоо тууралуу маалыматты четке каккан. Көп өтпөй Башкы прокуратура Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Ал 2020-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин орун басары болуп турганда “Пара алуу” беренеси менен кармалып, кийин үй камагына чыккан жана бардык соттук инстанциялардан акталган. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *