Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Автоунаа катализаторлорун ташып чыгууга тыюу салууну узартуу сунушталды

0
Автоунаа катализаторлорун ташып чыгууга тыюу салууну узартуу сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги машинелердин катализаторлорунда камтылган металлдарды, калдыктарды өлкө аймагынан ташып чыгууга тыюу салуу токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

“Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттук) тыюу салуу жөнүндө” токтом долбоорунун негиздеме катында автоунаалардан чыккан газ, түтүн экологиянын бузулушуна алып келип жатканы айтылат.

“Катализатор унаанын газ чыгаруу системасына кирген эң кымбат элементтердин бири болуп саналат, анын баасы машине наркынын 13% жетет. Катализатордун баасы кээде негизсиз кымбат, себеби анын курамында баалуу металлдар: платина, родий же палладий туздары бар», - деп айтылат.

Мындай тыюу салуу 2021-жылдын августунда алты айга убактылуу киргизилген. Учурда аны узартуу сунушталып жатат.

Автоунаалардын катализаторлорун жана ага байланыштуу металлдардын калдыктарына четке сатууга тыюу салуу боюнча талап буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга катализатору жок автоунаалардан чыккан түтүн ден соолукка зыян экени, абаны ыксыз булгап жатканы текшерүүлөрдө далилденип келгени негиз болгон.

Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгышын тосуп турган чыпка. Машиненин азот кычкылын, ис жана көмүр кычкыл газын зыянсыздандыра турган шайманы. Анда платина, палладий, родий сыяктуу баалуу металлдар бар. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *