Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Султанбаев президенттин куттуктоосу жөнүндө билдирүү таратты

0
Султанбаев президенттин куттуктоосу жөнүндө билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Kaktus.media басылмасынын мамлекет башчынын куттуктоосу боюнча жарыялаган кабарына жооп берди. Султанбаев басылма чыгарган маалымат туура эмес экенин айтып, жоопкерчиликке чакырган.

“Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн. Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда”, - деп жазды Султанбаев.

 

Буга чейин Kaktus.media басылмасы президент жаңы жылдык куттуктоону Баткен шаарынын борборундагы тартылган видео фондо туруп жасашы мүмкүн экени жазган. Сайт Султанбаевдин билдирүүсүнөн кийин кабарды өчүрүп, окурмандарынан кечирим сурады.

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү убада кылган. Ал сөзүнүн башында былтыркы Баткендеги чек ара чатагын эске салып, жаңы жылдык куттуктоосун дал ушул аймактан жолдоону туура көргөнүн билдирген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *