РИИБ дарыгерлердин камакка алынышы боюнча маалымат берди
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат таратты. Анда былтыр 14-декабрда саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, чарчап калган ымыркайдын сөөгү келгени кабарланган. Бул факты Ленин РИИБиге катталып, тергөө иштери башталган.
Милициядан билдиришкендей, ымыркайдын ашказаны жакшы иштебей жатканы үчүн аны 13-декабрда эрте менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да ымыркайды башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргөн.
Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.
Бишкектин Ленин райондук соту 30-декабрда “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шектелип кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми 68 жаштагы И.Р. аттуу дарыгердин да бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалган. Райондук милиция тергөө иштер уланып жатканын маалымдады.
Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасында президентке кайрылуу жазды. Анда дарыгерлер ноябрда ооруканада каза болгон баланын өлүмү үчүн камакка алынганын, анын жакындары жогорку кызмат адамдары экенин билдирди. Ал дарыгерлер камалганы алгачкы жолу болуп жатканын айтып, медициналык кызматкерлерге басым жасалбашы керектигин белгилеген. (TAb)