Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кочкор милициясына жетекчи болуп Эрк Тажиев барды

0
Кочкор милициясына жетекчи болуп Эрк Тажиев барды

Кочкор райондук милициясынын уюшма кылмыштуу топтор менен байланышта экени айтылып, иштен алынган башчысынын ордуна жаңы жетекчи дайындалды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдиргендей, 2-январда Нарын облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси Канат Жумагазиев Кочкорго барып,  милиция жамаатына жаңы башчы Эрк Тажиевди тааныштырды.

Өз сөзүндө Жумагазиев кызматкерлерди иш милдетин билүүгө жана так аткарууга, этика талаптарын сактоого, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо чараларын колго алууга чакырды.

Эрк Тажиев 44 жашта. Буга чейин ал ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан. 

Кочкор районунда милиция кызматкерлери аралашкан деген окуяга байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылганын ИИМ 27-декабрда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын тогузу ээлеген кызматынан алынды, үчөө милиция катарынан бошотулду, калгандары түрдүү тартип жазасына тартылышты.

Кочкордун милиция бөлүмүнүн башчысы жана орун басары кармалганы 25-декабрда белгилүү болгон.  

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаганын, анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган.

УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин биринде эсепти төлөөдөн орой баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган. Эгер айткандары аткарылбаса, имаратты өрттөп кетерин айтып коркутушкан. Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге барганы менен чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган милиция кызматкерлери криминал менен коюн-колтук алышып кеткенин мойнуна алган.(RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *