Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Машиналарды мурдагыдай текшере баштоо сунушталууда

0
Машиналарды мурдагыдай текшере баштоо сунушталууда

Кыргызстанда автомашиналарды техникалык кароодон милдеттүү түрдө өткөрүү сунушталууда. Бул маселе Жогорку Кеңештин жаңы жыл алдындагы соңку жыйынында көтөрүлүп, депутат Элмурза Сатыбалдиев тийиштүү мыйзам долбооруна демилгечи болорун билдирди:

“Жаңы жылдан баштап ушул техникалык кароону кайтарбайлыбы? Мен демилгечи болоюн, мен жаман көрүнөйүн. Мажбурлап өткөрүшүбүз керек. Эмне, биз башкаларга караганда ушунчалык бай болуп кетип, машинелерибиз техникалык кароого муктаж эмес болуп калдыбы?”.

Бул маселе парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралганын комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков айтты:

“Эң туура суроо бердиңиз. Комитетте ушул маселе көтөрүлгөн автоунаанын техникалык кароосун кайра жандандырыш керек, ишти башташ керек деп”.

Жыйынга катышкан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрү депутаттар сунуш киргизсе чогуу иштөөгө даяр экенин билдиришти.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов:

“Албетте колдойм. Анткени соңку жылдары автомашиналардын техникалык көзөмөлү төмөндөп кеткен. Сөзсүз түрдө жылына бир жолу өтө тургандай кылышыбыз керек. Анын методикаларынын баарын алып келебиз”, - деди.

Кыргызстанда айдоочуларды автомашинасын техникалык кароодон өткөрүүгө милдеттендирген норма 2012-жылы жоюлган. Азыр андай текшерүүдөн каалоочулар өз ыктыяры менен өтө алат. Бул үчүн атайын жеке компаниялар бар. Милдеттүү түрдө жылына эки жолу текшерүүдөн өтүү талабы жүргүнчү ташыган машиналарга жана атайын транспорттук каражаттарга гана коюлат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *