Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

0
Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

2023-жылдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик жана ири иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду.

Документке ылайык, эми театрда, кинозалда, музейде, клубда, китепканаларда жана спорттук имараттарда фонограмма менен ырдоого болбойт.

Министрликтин маалыматына ылайык, талап аткарылбаган учурда иш-чараны өткөргөндөр жана ошол жайдын жетекчиси жоопко тартылат.

Маданият министрлиги 2021-жылы февралда Кыргызстандагы концерттерде ырчылардын фонограмма же өз үнү менен ырдай турганын афишага жазууга милдеттендирүү боюнча мыйзамды демилгелеген.

Кыргызстанда фонограммага тыюу салуу маселеси көптөн бери талкууланып келет. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *