Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Гемодиализ алгандарга өкмөттөн бөлүнүүчү жардамдын суммасы өзгөрдү

0
Гемодиализ алгандарга өкмөттөн бөлүнүүчү жардамдын суммасы өзгөрдү

Кыргызстанда гемодиализ алган бейтаптарга мамлекеттен бөлүнүүчү  каражат быйыл дээрлик эки миң сомго көбөйдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Мукановдун айтымында, бүгүнкү күндө мамлекет гемодиализ алган 2203 бейтапка жардам берүүдө, алардын ар бир процедурасын өкмөт толук каржылайт.

“Буга чейин ар бир процедурасына 4,7 миң сом бөлүнчү, жаңы жылдан баштап 6,5 миң сомдон болот. Буга жалпысынан 430 миллион сом каралууда”.

Муканов билдиргендей, гемодиализ процедурасы жасалуучу 33 менчик клиника менен келишим түзүлгөн, мындан тышкары үч мамлекеттик борбордо (Таласта, Ысык-Көлдө жана Нарында) да бар.

Гемодиализ – бөйрөгү жакшы иштебей жаткандардын канын “жасалма бөйрөк” ыкмасы менен тазалоо. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *