Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Баткен: Өзгөчө макамдагы айылдардын каржысын үч эсе көбөйтүү каралууда

0
Баткен: Өзгөчө макамдагы айылдардын каржысын үч эсе көбөйтүү каралууда

Баткен облусунун мамлекеттик чек арага жакын тилкеде жайгашкан айылдарына өзгөчө макам бериле турган экинчи тизмеге 800 миллион сомго жакын каражат талап кылынарын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Парламенттин жыл соңундагы жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаевдин суроосуна жооп берип жатып ал азыркы кезде экинчи тизме боюнча жумуш тобу иштеп жатканын, бирок ага кире турган айылдардын критерийлери аныктала электигин айтты.

Министрдин белгилешинче, тизмени түзүүдө кайсы айыл чек арага канчалык жакындыгы акыйкаттык принцибинин негизинде аныкталат:

“Чек арага жакын айрым округдар өзүнчө статуска ээ болуп, токтом менен бекитилген. Аларга мамлекеттен кошумча субсидиялар жана дотациялар берилген, айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Бюджеттен 250 миллиондон ашык каражат берилген. Статус берилген аймактардын тизмесин кеңейтүү үчүн дагы 800 миллионго жакын акча каражаты керек. Андай айылдарды аныктоодо, чек арага канчалык жакын экенин тактоодо акыйкаттык принциби болушу зарыл”.

Депутат Чыңгыз Ажыбаев Лейлек районунан тизмеге айылдар аз кирип калып жатканын айтты. Ал Баткен облусунун Сүлүктү шаарына караштуу Бөкөнбаев айылын мисал келтирип:

“Ал айыл зоонун астында, ал эми ошол зоонун үстүндө эле Тажикстан жайгашкан. Ар бир уруш болгондо ошол жердеги адамдар качып кетет. Ошол айыл тизмеге кирген жок”, - деди.  

Баткен облусу Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймагында жайгашкан. Чек ара тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан түрдүү кагылыштар катталып турат. Соңку эки жылдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы эки жолку каргашада ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр, мекемелер талкаланды. 2022-жылдын сентябрындагы окуя учурунда 140 миңдей баткендик үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Алардын төрт миңдейи алигүнчө ар кайсы жакта баш калкалап жүрөт.

Чек арадагы жашоочуларга салыктан жана башка төлөмдөрдөн жеңилдик берүү үчүн 2021-жылы “Баткен облусунун статусу” жөнүндө мыйзамга ылайык Баткенде 62 айылга өзгөчө макам берилген. Азыр 83 айылга, үч шаарга, үч конушка да макам берүү сунушу каралууда. (JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *