Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Чаткал: инвесторду санаага салган жагдайлар

0
Чаткал: инвесторду санаага салган жагдайлар

Түрк инвестору үлүшүн Кыргызстанга берип, долбоордон чыгып кетери айтылууда. Буга өкмөттүн алтын кошулмасын тышка ташууга тыюу салганы, жаңы салык режими, алтын корунун аздыгы жана алтын чайкоодогу өндүрүштүк кемчиликтер себеп болуп жатканы белгиленди.

"Эти Бакыр Терексай" компаниясы түзүлгөн жагдай тууралуу расмий комментарийден баш тартса, анын өнөктөшү "Кыргыз алтын" дагы мекеме аралык комиссиянын тыянагы чыкканга чейин мамлекеттик ишкана кандайдыр бир билдирүү жасоодон карманарын жарыялады.

Жумушчулар кыскарып, өндүрүш азайды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай кенин иштетип, алтын чайкоочу фабрикасын куруп, быйыл эле ишке киргизген "Эти-Бакыр-Терексай" компаниясы жакындан бери жумушчуларынын санын кыскартып, өндүрүштүк кубаттуулугун азайтып, кен казууну токтотууга багыт алганын компаниядагы ишенимдүү булактар ырастаганы менен маалымат расмий жарыялана элек.

Буга чейин аталган кен казуучу компаниянын ишин иликтеген мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү жарыяланып, бирок анын ишинин жыйынтыгы чыгып, кандай чечим кабыл алынганы азырынча белгисиз.

Чаткал районунун Терексай айыл аймагындагы алтын, күмүш аралашмасы менен кошо сурьма чыккан Тереккан кениндеги өндүрүштүк абал тууралуу Министрлер кабинетинен маалымат алууга мүмкүн болбоду.

"Эти-Бакыр-Терексай" компаниясында мурда иштеген Чаткалдагы жаштар кыймылынын лидери Жылдызбек Абубакиров кен казуучу ишкананын абалы арсар болуп турганын айтты:

"Бүгүнкү күнгө карата компания жумушчулардын дээрлик 70% кыскартты. Мекемелер аралык комиссия келип-кеткен. Бирок ал иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган жок. Кандай чечимге келгени да белгисиз. Негизи фабриканын талаптагыдай болбой, туура эмес курулганы анык эле. Бирок мында мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү маселеси да турат окшойт. Анан калса мамлекет казылган руданын түрү боюнча салык төлөө талабын киргизип койгондуктан бул компания ишин жайлатып, жумушчуларды кыскартып, өндүрүшүн азайтты. Бирок бул ишкана алтындан башка казылган баалуу металлдардан салык төлөчү эмес. Ошондуктан ал кеткен чыгымдар акталбай калат деген негизде быйыл 1-декабрдан баштап өндүрүш токтотулат деген сөздөр чыккан. Бирок азыр алтын казуу жана аны иргеп алуу токтогон жок, болгону иштин ыргагы жайлап калды. Азыр бул маселе арсар абалда турат, аны эми кантип чечишери белгисиз".

"Эти Бакыр Терексай" биргелешкен компаниясынын 25% үлүшү “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына, ал эми 75% акциясы Түркиядагы Cengiz Holding корпорациясынын Eti Bakir A.S компаниясына таандык. Буга чейин аталган компания Терекан кенин иштетүүгө 317 млн. доллардан ашуун инвестиция салганы кабарланган.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Мээрим Шаршеналиева "Эти Бакыр Терексай" биргелешкен ишканасынын ишмердигин иликтеген мекеме аралык комиссиянын тыянагы чыкканга чейин анын өндүрүштүк абалы жана ага ээлик кылуунун шарттары тууралуу маалыматтар ачык жарыяланбай турганын белгиледи:

"Эти Бакырдын" ишмердигин мекемелер аралык комиссия иликтеп жаткан учур. Аны карап бүткөнгө чейин биздин ишкана тараптан жана жетекчиликтен эч кандай комментарий болбойт. Себеби, азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек. Комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин ал же бул жагдайлар тууралуу айтуу туура эмес болуп калат.

Быйыл жыл башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолукканда ал алтын чайкоочу фабриканын курулушу үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында аяктап, ишке бериле турганын айткан. Анда кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланган. Бирок жакындан бери ишканада кен казуу иштеринин көлөмү кескин азайып, жумушчулар менен кеңсе кызматкерлери кыскарып жатканын компаниядагы ишенимдүү булактар ырасташты.

Алтын корунун аздыгы, алтын чайкоодогу айып

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Тереккан кенин иштеткен түрк инвестору Кыргызстандан жөн эле кетип жатпаганын, буга олуттуу өндүрүштүк көйгөйлөр түрткү болушу мүмкүн деген пикирде.

"Эти Бакыр" компаниясы буга чейин кетирген 317 млн. долларды биздин мамлекет кайтарып берсе, ал жаңы даярдалган бул долбоордон чыгып, аны толугу менен биздин мамлекетке өткөрүп берип чыгып кетүүнү сунуштаганы айтылган. Негизи алтынды жакшы иштетип жаткан инвестор кетпеши керек эле. Себеби, алтындын дүйнөлүк баасы өсүп жатат. Биз өндүрүштүк абалга баа бербей туруп, акчаны төлөп берип салсак, анда ыңгайсыз абалда калышыбыз мүмкүн. Себеби, алтын корунун көлөмү чектелүү. Курулуш ал көлөмгө ылайыкталган эмес. Буга байланыштуу ишкананын фабрикасынын рудадан алтын өндүрүү мүмкүнчүлүгү да төмөн. Адатта 80% болушу керек болсо, азыркы анын абалы 60% жетпей турганы айтылган. Мындай шартта биздин мамлекет аны өткөрүп алса, анда өндүрүштү ага чыгаруу үчүн реконструкцияга акча табышы керек. Ал эми бул компания мына ошол жагдайды шылтоо кылып, долбоордон чыгып кетүүгө ниеттенип жатышы мүмкүн".

Чаткалдагы Тереккан, Терек, Чапчыма кендеринен турган Терексай кендер тобу 1938-жылы ачылган эң эски кендердин бири. Андагы алтын корунун көлөмү 20 тоннадан ашуун экени чалгындалган. Күмүштүн, сурьманын жана жездин кошулмалары да аныкталып, 1976-жылдан бери казылып, бирок 2000-жылдан бери токтоп калган. 2014-жылы бул кенди иштетүү укугун түркиялык Eti Bakir A.S компаниясы утуп алган. Андагы мамлекеттин үлүшү 25% болчу. Соңку мезгилде бул кенди мамлекет өзүнө өткөрүп алып, иштете турганы тууралуу бейрасмий маалыматтар чыга баштаган.

Буга быйыл 26-ноябрда биринчи элдик курултайдын ишин жыйынтыктоо учурунда президент Садыр Жапаровдун иштебеген же майнапсыз иш алып барган алтын кендеринин лицензиялары кайра алынып, анын ичинде мына ошол Чаткалдагы Терексай кенинин тагдыры чечилип жатканы тууралуу айтканы негиз болду:

"Биз эки жыл ичинде 148 алтын кенинин лицензиясын кайтарып алдык. Аларды азыр эми 100% мамлекет өзү иштетет же сырттан инвестор тартып, мамлекеттин 30% кем эмес үлүшү болот. Чаткалга биз жаңы бир дагы лицензия берген жокпуз. Мурдагы инвесторлор иштеп жатышат. Бизде азыр "Эти Бакыр-Терексай" деген компания боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Атайын комиссия дагы иликтей баштады. Аны 100% үлүшү менен мамлекетке алуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деген болчу президент Садыр Жапаров.

Алтын кошулмасын ташууга салынган тыу

Мунун алдында 26-октябрда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атайын жарлыгы чыгып, Министрлер кабинети тоо-кен тармагынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздап, анын ишмердигин жөнгө салууга байланыштуу бир катар укуктук ченемдерди кабыл алган.

Жарлыкка ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын аймагындагы кендерден казылган алтын рудасын жана курамында алтын кошулмасы бар концентраттарды чет өлкөлөргө чыгарып, эркин экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Геолог, окумуштуу Анатолий Акимбеков руданы тышка ташууга мурда эле тыюу салынышы керек болчу деген ойдо:

"Мунун бардыгын мурда эле жасаш керек болчу. Кара-Балта тоо-кен комбинаты ушуга чейин толук кубаттуулукта иштебей келди да. Аны толук кандуу иштетүү керек. Мына ошол жерден биздин аймактан казылган алтын рудаларын жана алтын курамы бар концентраттарды кайра иштетип чыгарып, аффинаждап, андан кийин сыртка чет өлкөлөргө чыгарса, биринчиден, көзөмөл болот, экинчиден, мына ошол иш-чараларга кеткен акча Кыргызстанда калат. Ошондуктан бул өндүрүштү заманбап шартта жаңылап чыгууга кошумча инвестиция да тартылууга тийиш".

Кыргызстанда казылган алтын рудасын жана курамында алтын кошулмасы бар концентраттарды мындан ары Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатынан кайра иштетип, анан сыртка сатууну борборлоштуруп уюштурууга көрсөтмө берилген. Бул чектөөнү мыйзамда каралган тартипте ар бир алты ай сайын узартып туруу Министрлер кабинетине тапшырылган. Президент тыюу салган жарлыкка алтын казган башка компаниялар азырынча мамилесин билдире элек.

Жарлыкта өндүрүш планын өзгөртүү, алтын рудасын Кара-Балтага ташуу, аффинаждоо жана текшерүүдөн өткөрүп, салыгын төлөөгө даярдануу үчүн алтын казуучу компанияларга алты ай убакыт берилген. Бул аралыкта өндүрүш ишканалары алтын рудасын жана алтын кошулмасы бар күмүш, жез, калай жана коргошун сыяктуу баалуу металлдарды кайра иштетүүдөн өткөрүп, сатууну уюштурууга мамлекеттик көзөмөлдү камсыздаш керек.

Пайдасы азайгандагы амалбы?

Чаткалдык активист Жылдызбек Абубакиров жаңы эрежелер тоо-кенчилерге эмнеге жакпай жатканын чечмеледи:

"Бул компания мурда алтын кошулмаларын, башка баалуу металлдардын концентраттары менен алып кетишчү да. Себеби, аларга мына ошондой жол менен алып чыгарып, иштетүү ыңгайлуу жана пайдалуу болгон. Алтын кошуламасынан башкасына чыгарып кеткени үчүн салык төлөгөн эмес. Азыр мамлекет ар бир руданын түрүнө жараша баа коюп, төлөй тургандай талап коюп жатканы аларга жакпай калды. Ошондуктан бул компания долбоордон кетерин айтып, анын ордуна "башка инвестор келет же "Кыргызалтын" ишканасы толугу менен өзүнө алат" деген сөз болгон. Бирок азыр тараптар сүйлөшүп, келишимге келип, "Эти Бакыр" инвестициялык келишимин алты айга чейин узартууга жетишкени айтылып жатат".

Мындан сырткары азыркы учурда тоо-кен тармагында иштеген компанияларга жаңыдан киргизилген салык режими менен руданы эмес, алтынды куюлган түрүндө сатуу талабы жакпай жатышы мүмкүн экени айтылды.

Дүйшөнбек Камчыбеков мамлекеттик казынаны толтуруу үчүн жасалган чаралар тоо-кен тармагындагы инвесторлор үчүн ыңгайсыз экенин, андан салган каражат өзүн актабай, пайда чыкпай калган үчүн алар өлкөдөн кетүүгө ниеттенип жатканын белгиледи:

"Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде алтын кошулмасы болобу же башкасы болобу, дүйнөлүк биржалардагы баа боюнча эсептеп чыгып, кеминде 10% кем эмес салыгын алуу боюнча укуктук ченем киргизилген. Албетте, мындай талаптар келген инвесторлорго жагымдуу шарттарды жаратпайт. Чет элдик инвесторлор кошумча шарттар киргизилип жатканына нааразы болуп, андан көрө биздин кетип калганыбыз туура деген сыяктуу ниетте болуп жатканы байкалат. Биздин өкмөт албетте, экономиканы ойлоп, бюджетти толтурууну көздөйт. Бирок шарт пайда табуу үчүн келген инвесторлорду да канааттандырышы керек. Анан калса, текшерүүлөр аябай көбөйгөнү жана калктын арасындагы каршылык маанай буга кошумча болуп жатканын айтып, даттанган инвесторлор да бар. Ал эми Терексайдагы 20 тонна алтынды иштеткенде дагы техникалык жоготуулары болот, эксплуатациялык чыгымдары бар, буга кошумча салыктар, социалдык төлөмдөр, мына ошонун бардыгын эсептеп келгенде салган акчаны чыгарып алып, алтын казуу аларга пайдасыз көрүнөт".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда өкмөттүн жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында Кыргызстанда быйыл тоо-кен тармагынан түшчү каражаттын өлчөмү буга чейинки жылдарга салыштырмалуу үч эсеге өскөнүн белгилеген.

Анын айтымында, быйыл он айда Кумтөр алтын кенинен эле түшчү киреше 26,5 миллиард сомго жетери күтүлүп, 2021-жылы бул кенден он тоннадан ашык, быйыл 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн.

"2018-жылы тоо-кен тармагынан 11 млрд сом, 2019-жылы 13 млрд. сом түшкөн болсо, 2021-жылы 22,9 миллиардга жетти. Быйыл тоо-кен тармагынан 48 миллиард сом киреше түшөрү күтүлүп жатат. Ошондо соңку эки жылда 70,9 миллиард сом түшөрү күтүлүп жатат", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия үчүн жыйымдардын көтөрүлүшү менен былтыр 244 миллион, быйыл он айда 529 миллион 170 миң сом бюджетке түшкөнүн, жүзгө жакын лицензия кайра кайтарылып алынганын маалымдаган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана оппозиция кендин ишмердиги ачык жүрүшү керектигин билдирип, бийликтен тез-тез отчёт берип турууну талап кылган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Тереккан кенин иштеткен "Эти Бакыр Терексай" биргелешкен ишканасында 800дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.

"Азаттыктын" архиви: Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар (иликтөө)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *