Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Жапон өкмөтү Токиодон кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарына акча төлөйт

0
Жапон өкмөтү Токиодон кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарына акча төлөйт

Жапониянын өкмөтү Токионун калк жыш жайгашкан аймагынан көчүп кеткен үй-бүлөлөрдөгү ар бир балага миллион иенге чейин (7600 доллардан ашат) акча төлөйт.

Kyodo News жазгандай, бул чара дээрлик 14 миллиондон көбүрөөк адам жашаган борбор калаадагы калктын санын кыскартууга багытталган. Өкмөт жаштардын чоң шаарларга агылышынан улам карылар көбөйгөнүн, эмгекке жарамдуулар азайып бараткан башка райондорун "жандандырууну" көздөйт.

Төлөмдөрдү алуу үчүн үй-бүлөлөр Токиодон башка жакка же борбордун тоолуу конуштарына көчүшү керек жана ал жакта беш жылдан кем эмес жашашы зарыл. Беш жылга жетпей жер которуп кеткендер өкмөт төлөгөн акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү.

Жапониянын бийлиги коронавирустук пандемия учурунда тажрыйбага кирген аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү жана жашоонун сапатына болгон мамиледен улам тургундар шаардан алыска кетүүдөн баш тартпайт деп ишенүүдө. Өкмөт 2027-жылга чейин Токиодон 10 миңдей адам айылга көчүп кетерин божомолдойт.

Төрөттүн аздыгы жана жашоонун узактыгынан улам бул өлкөдө улгайгандардын саны көбөйүүдө. Жапонияда акыркы расмий эсептерге ылайык, 100 жашка жеткен 90 миңден ашык адам жашайт. 1963-жылы алардын саны 153 гана болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *