Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Иранда Франциянын жана Белгиянын жарандары кармалды

0
Иранда Франциянын жана Белгиянын жарандары кармалды

Франциянын эки жана Бельгиянын бир жараны Иранда "тыңчылык жана өлкөнүн улуттук коопсуздугуна каршы кутум уюштурду" деген айып менен камакка алынды.

Бул тууралуу жарым расмий ISNA маалымат агенттиги 3-январда сот бийлигинин өкүлү Масуд Сатайшиге таянып билдирди. Өкүл тергөө жүрүп жатканынан башка кошумча маалымат берген эмес. 

Маалыматтарга караганда, Иранда сентябрдан бери уланып жаткан нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү 40ка жакын чет элдик жаранды камакка алган. Бирок аларга коюлган айып көп учурда ачык айтылбайт.

Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин полиция бөлүмүндө каза болгон. Бул окуядан кийин өлкөдө кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган нааразылык акциялары тутанган. Демонстрацияларды күч менен басуу аракетинде жүздөгөн адам өлдү. Акция катышуучулары кармалып, айрымдары дарга асылды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *