Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кашмирдеги чабуулда бери дегенде беш киши каза болду

0
Кашмирдеги чабуулда бери дегенде беш киши каза болду

Индиянын Кашмир аймагында жоочулардын чабуулунан каза болгондордун саны бери дегенде бешке жетти. Алардын экөө балдар.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги полициянын маалыматына таянып билдиргендей, 2-январда жоочулар жайкын тургундар жашаган үйлөрдү аткылаган жана жардыруу уюштурган.

Окуя Ражури районунун Дхангри айылында түн ичинде болгон. Жараат алган бир топ киши ооруканада жатат.

Кыштак тургундары бул кол салууга каршы демонстрацияга чыгышты.

Индия өкмөтү кол салууну "коркок террор" деп атап, аларды жазасыз калтырбоого убада берди. Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү козголоңчулар Нью-Делинин бийлигине каршы күрөшүп келет.

Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиянын колониясынан бошонгондон бери Кашмирди талашып келет. Өзөктүк куралы бар эки коңшу тең аймактын айрым бөлүктөрүн гана көзөмөлдөйт.

Кашмир боюнча алардын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Нью-Дели Исламабадды "аймактагы согушкерлер тобун колдойт" деп айыптаса, Пакистан бул дооматты четке кагат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *