Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

4-январдын аба ырайы

0
4-январдын аба ырайы

Шашылыш билдирүү

Жаан-чачынга байланыштуу 5-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку автожолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя автожолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ автожолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо бараткан машиналар ортодогу 500 метр аралык талабын так сакташы зарыл.

Аба ырайы

4-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жана түшкө чейин кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Түштөн кийин Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -11...-16.

​Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин маал-маалы менен кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *