Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Исламабад жоочулардын башка өлкөдө баш калкалоосуна жол берилбесин билдирди

0
Исламабад жоочулардын башка өлкөдө баш калкалоосуна жол берилбесин билдирди

Пакистандын бийлиги өлкөгө каршы кол салууларды уюштурган жоочулардын башка мамлекеттерде баш калкалоосуна жол бербейт.

Бул тууралуу премьер-министр Шахбаз Шариф жана армиянын башчысы генерал Асим Мунир катышкан жыйында айтышты.

Пакистандын саясий жана аскердик жетекчилигинин 2-январдагы билдирүүсү талиб жоочуларынын чабуулдары күчөгөн жана Ооганстандагы "Талибандын" өкмөтү менен кайым айтыш күчөгөн маалга туш келди. Исламабад жоочулардын көбү Ооганстанда жашынып жүрөт деп эсептейт. Акыркы кездери чабуулдар айрыкча Ооганстан менен чек арага жакын түндүк-батышта күч алды.

Мурдараак Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүн согушчан "Техрик-и-Талибан" тобуна каршы "жетиштүү чара көрбөй жатат" деп айыптаган.

Талиб өкмөтүнүн Коргоо министрлиги 1-январда кайрылуу жасап, "Техрик-и-Талибандын" турумдары Ооганстанда эмес, Пакистандын ичинде экенин билдирген жана Исламабадды "мамилеге доо кетирүүдө" деп күнөөлөгөн.

Пакистандын өкмөтү "Техрик-и-Талибан" деп аталган террордук топ акыркы жылда өлкөдө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кеминде 250 чабуул жасаганын билдирүүдө.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *