Камактагы дарыгерлер бир аптадан бери тергөө иштери жүрө электигин айтышты
Наристенин өлүмүнө байланыштуу камалып отурган дарыгерлер бир жумадан бери эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатканын билдиришти. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 3-январда борбордун өкүлдөрү Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошуунунун төрайымы Бермет Барыктабасова менен бирге Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына кирип чыгышты.
Жалпысынан ал жерде 23 адам кармалып отурганы, бешөө аялдар экени маалымдалды.
Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун беш кызматкери менен жолугушканда алар кыйноо же кандайдыр бир башка катаал мамиле болбогонун, бирок 28-декабрда камакка алынгандан бери эч кандай тергөө иштери жүрө электигин айтып беришкен.
Ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык оорусуна, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин “Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы” деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун, айып алты дарыгерге тагылганын, алардын бирөө үй камагына чыгарылып, калган бешөө камакка алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирген.
Саламаттык сактоо министрлиги жана айыпталып жаткандар азырынча комментарий бере элек.
Камакта отургандардын эң улуусу 67деги, эң кичүүсү 27 жаштагы медицина кызматкери. (RK)