Бишкекте жолдорго 200 тоннадан ашык туз себилди
Бишкек шаардык мэриясы кар калың жаап жатканына байланыштуу жолдорду, эл баскан тратуарларды тазалоо, туз себүү жүрүп жатканын билдирди. Анда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 600дөн ашык кызматкери ондогон техника менен 4-январдын түнүнүн баштап иштеп жатканы, учурда 200 тоннадан ашык туз себилгени айтылат.
Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, Бишкекте 4-январда түнкүсүн жана түшкө чейин маал-маалы менен кар жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° болот.
Мунун алдында өлкөдөгү аба ырайыга байланыштуу чукул кабар берилген. Ага ылайык 5-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайку автожолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука–Каныш-Кыя автожолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ автожолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо бараткан машиналар ортодогу 500 метр аралыкты так сакташы зарыл.