Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кевин Маккарти АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрагасы болду

0
Кевин Маккарти АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрагасы болду

Республикачыл Кевин Маккарти конгрессмендердин төрт күндөн бери кайталанып жаткан 15-жолку добуш берүүсү менен Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын төрагасы болуп шайланды.

Калифорниялык 57 жаштагы депутат Республикалык партиянын консервативдик канатынын өкүлдөрүнүн добушун алуу үчүн олуттуу жеңилдиктерге барууга аргасыз болгону белгиленген. Алар буга чейинки добуш берүүлөрдө Конгресстин төмөнкү палатасынын ишине байланыштуу Маккартиге бир катар талаптарды коюп жаткан.

Буга чейинки добуш берүүлөрдүн биринде да Маккарти 218 добушту ала алган эмес. Добуш берүүнүн соңку турунда алты конгрессмендин эч кайсы талапкерди колдобой койгону Маккартинин 216 добуш менен эле төрага болуп шайланышан шарт түздү.

Соңку жүз жыл ичинде Өкүлдөр палатасы добуш берүүнүн биринчи айлампасында эле шайлап келген. Мындай окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана анда палатанын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган.

Спикер шайланмайынча добуш берүү улана берет.

Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.(TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *