Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

"Күйөөмө сезимим жок". Ала качуу, 12 жылдык аргасыз жашоо

0

Кыргызстанда кыз ала качууга жаза күчөтүлгөнүнө 10 жыл болду. Кылмыш-жаза кодексинин беренелери өзгөртүлүп, 175-беренеде "ала качуу" эмес, "адам уурдоо" жана "никеге тургузуу үчүн адам уурдоо" деген эки пункт берилген.​ Мындай кылмышка айыпталгандар 5-7 жыл эркинен ажыратылат жана жабырлануучунун тосмо арызы кабыл алынбайт. Буга карабай адам өлүмү менен коштолгон кайгылуу окуялар тыйылган жок.

35 жаштагы Наргизаны (аты-жөнү өзгөртүлдү) мурда-кийин тааныбаган жигит ала качып, жаш кыздын салтка баш ийип бергенине быйыл 12 жыл болот.

Ошол күндү кечээ болгон окуядай эстеген үч баланын энеси жашоосун башкача элестеткенин, максаттары бийик болгонун айтат.

"Курбу кызым сатып жибергенин кийин билдим. Анын бир тууган агасынын досу бир турмуш көрүп, үйлөнүү үчүн кыз издеп жүргөн экен. Менден жети жаш улуу болгонуна карабай сүрөттөн көрүп жактырып, кийин жаныма келип бир сөз айтып сүйлөшпөй туруп ала качып алган. Мен анда 23 жашка чыккан, окууну бүткөн кыз болчумун. Үйдөгүлөр "турмушка чык" деп деле кыйнаган эмес. Ошентип, айылда турган, жогорку билими жок карапайым жигиттин келинчеги болуп жашап калдым. Анда элден, бир туугандарымдан, кошуналардан уялгам. Басып кетүү чоң кылмыш сезилген. Өзүнө окшотуп мени да иштеткен жок, бала багып, үй оокат менен эле алек болуп келатканыма 12 жыл болду. Ушул күнгө чейин күйөөмө сезимим жок, балдарымдын атасы катары гана сыйлап, бирге жашаганга аргасызмын".

Наргиза кыз алуу качууну коомчулуктун бир бөлүгү салт катары көрүп, андай окуяга туш болгондор каршылык кыла албай турмушка баш ийгенин айтып отурду. Каарманыбыз ошол учурда мындай кылмышка жаза катаал болгондо бир топ кыздардын, анын ичинде өзүнүн тагдыры башкача болмок беле деп өкүнөт.

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Айнуру Алтыбаева буга 2011-жылы ала качуудан улам өз жанын кыйган эки кыздын окуясы себеп болгонун айтты. Экс-депутат жаза катаалдашкандан кийин никеге туруу максатында адам уурдаган фактылар бир жыл ичинде эки эсеге кыскарганын белгилейт.

“Ал парламентте сынга кабылып, айрым кесиптештер “кыз ала качуу бул жакшынакай салт” деп чоң талаш болгон эле. Ошого карабай бир нече комитеттен, чоң жыйындан өткөрүп, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкенбиз. Анан бир жылдан кийин акыйкатчы аппаратынын бөлүмү жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында ала качуу 10 эсеге азайганын билдик, бул чоң жетишкендик”.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасына 2021-жылдын 9 айында ала качуу боюнча 162 арыз түшкөнү мекеменин расмий сайтында жазылган.

2022-жылы 9 айында мындай 17 арыз катталган. Алардын 6% өндүрүшкө алынып, 86% сотко жетсе, 12% түрдүү себептерден улам кыскартылган.

Ала качуунун ачуу сабагы: Бурулай, Айзада, Нурайым

10 жыл аралыгында адам өлүмү менен коштолгон кайгылуу фактылар болду. Булардын ичинен Бурулай Турдаалы кызынын жана Айзада Канатбекованын кайгылуу тагдыры коомду нес кылып, катуу талкуу жараткан. Митингдер өттү, плакаттар көтөрүлдү, социалдык тармактарда он гулүнүн бир гүлү ачыла электе өмүрү кыйлыган кыздардын жакындарына көңүл айтпаган, аялга күч колдонгон зөөкүргө акарат жаадыргандар көп болду.

2018-жылдын жазында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызын ала качкан жигит Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн ичинде кызды бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

2021-жылы 27 жаштагы ​Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

Эки жыл мурун Таласта 18 жаштагы Нурайым Талипованы андан бир жаш улуу жигит атып салып, анан өз жанын кыйган.

Адвокат Есения Рамазанова кыз уурдоо азайганы менен зордуктоо фактылары көбөйгөнүн белгилеп, анын себебин мындайча түшүндүрдү.

“Өлкөнүн түштүк регионунда кызды зордуктап, эми аны ошо зөөкүргө турмушка чыгууга мажбурлап жаткан факты боюнча мага кайрылышты. Экинчи тарап кызга басым жасап атканы, эгер ага турмушка чыкпаса, элге уяткарарын айтышкан экен. Кыз дагы, кыздын жакындары да азыр чоң басым алдында жашап атат. Анын билим алуусун чет жакта улантам деген изги тилегин биз орундатууга болгон күчүбүздү жумшоодобуз. Ала качуу азайды деген менен мына ушундай жолдор менен никеге турууга аргасыз кылган окуялар тескерисинче көбөйө баштады. Өзүңөр билгендей кыргыз коомунда тилекке каршы “кыз эмес экен” деген нерсе адамдын эркиндигинен да бийик турган караңгы түшүнүк. Ошого кыздар дагы деле өз каалоосуна каршы турмушка чыгууга аргасыз болууда”.

Адвокаттын пикиринде, жалпы эле зордуктоо фактылары катталганда жабыркаган тарап тосмо арыз жазган күндө да кылмыш жасаган кишинин жазасы толук каралышы керек деген толуктоолор мыйзамга киргизилиши керек.

Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова коомдо резонанс жараткан мыйзамсыз көрүнүш тыйылбай жатканына кейиди.

“Милиция болобу, прокуратура болобу айтор мамлекеттик укук коргоо органдары жетиштүү деңгээлде иштебей атат. Ала качуу тууралуу айтып кайрылган кыздарга алар тескерисинче “таш түшкөн жер оор”, “акырын жашай бербейсиңби, көнүп кетесиң да” деген өңдүү сөздөрдү айтышат. Буга Айзада Канатбекованын деле кейиштүү окуясы мисал боло алат. Анда милицияга чалган Айзаданын апасына милиция кызматкери “ачуу басар күткүлө” деп айтканы укук коргоо органдарында иштегендердин жумушка болгон кайдыгерлигинен кабар берет. Алар мыйзамдан да салтты бийик көрүп атпайбы. Жалпы коом, баарыбыз биригип буга каршы турганда жакшы бир жыйынтык болушу мүмкүн. Ар бирибиз талап кылганды үйрөнүшүбүз керек”.

Рыскулова эркектер да “ала качпасам кантип үйлөнөм” деген ойдон алыстоого тийиш деп эсептейт. Укук коргоочу Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдардын көбү жакшы жазылганы менен толук иштебей жатканына токтолду.

Милициянын маалыматына таянсак, 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталган. Укук коргоочулардын маалыматында зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, ала качуу боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90% сотко жетпей кыскартылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *