Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Иранда дагы эки активист дарга асылды

0

7-январда Иранда былтыр күзүндө башталган нааразылык акцияларынын дагы эки катышуучусу дарга аcылды. Ушуну менен акцияга катышкан төрт адам өлүм жазасына тартылганын CNN телеканалы билдирди.

Сот 22 жаштагы Мохаммед Мехди Карами менен 39 жаштагы Мохаммад Хоссейниге Басиж аскердик полициясынын кызматкерин өлтүрдү деген чечим чыгарган. Бул иш боюнча үч кишиге өлүм жазасы берилип, 11 адам абакка кесилди.

Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) соттолгондорго кысым болуп, алар айыпты күч менен моюнуна алганын жарыялады. Уюм айыпталган бардык демонстранттардын каалаган адвокаты менен иштешүүсүнө жана өзүн сотто коргоосуна шарт түзүлбөгөнүн кошумчалады.

Хоссейнинин адвокаты ал кыйноого алынганын, ар кандай коркутуулар менен күнөөнү моюнга алганын декабрда айтып чыккан. Караминин адвокаты ага өлүм жазага тартылардын алдында да үй-бүлөсү менен жолугуусуна уруксат берилбегенин билдирди.

Расмий Тегеран бул айыптоолорду четке кагып келет.

12-декабрда Иранда "коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөн" деп соттолгон Мажидреза Рахнавард эл алдында дарга асылды.

8-декабрда күч кызматкерин жарадар кылган деп айыпталган активист Мохсен Шекариге "Кудайга каршы согуш ачкан" деген кине тагылып, дарга асылган.

Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгондо өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.

Ирандын бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болду. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *