Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Германияда химиялык чабуул жасоого шектелген ирандык кармалды

0
Германияда химиялык чабуул жасоого шектелген ирандык кармалды

Германияда ирандык жаран массалык түрдө өлүмгө дуушар кылчу химиялык заттар менен кол салууну пландаган деген шек менен кармалганы 8-январда белгилүү болду. Полиция Дортмунд шаарына чукул Кастроп-Рауксел шаарындагы ирандыктын батиринде аны менен чогуу дагы бир адам кармалганын билдирди. 

Алардын батиринен атайын коргонуучу кийимчен кишилер бир нерселерди алып чыгышканын көрүшкөн. Бир саамдан кийин Дюссельдорфтун полициясы батирди биринчи жолу тинткенде уулуу заттар табылбаганын билдирген.

Укук коргоо органдарынын маалыматында шектүү цианид жана рицинди колдонуу менен чабуул жасоону пландаган. Бирок ал эмне максат көздөгөнү азырынча беймаалым. Рицин - өсүмдүктөн алынчу өтө уулуу зат. 

Кармалган кишинин аты-жөнү айтылган жок. 32 жаштагы эркек Ирандын жараны жана исламдын радикал агымында жүргөнү гана кабарланды.   

Немистердин Bild гезити жазгандай, Кылмыш иштери боюнча федералдык мекеме шектүүнү бир нече күндөн бери аңдып жүргөн. Анын теракт даярдап жатканы тууралуу маалымат “атайын кызматтан” түшкөн.

Deutsche Welle агенттиги билдиргендей, төрт жыл мурун Германиянын полициясы Кёльн шаарындагы батиринде рицинди даярдап, жардырып сынап көргөн Тунистин жаранын немис аялы менен кармаган. Жубайлар интернеттен кене күнжүттүн уругун көп сатып алып жатканда атайын кызматтын кылтагына илинген. Эксперттер алар үй шартында алган рицин 13 миңден ашуун кишини жок кылууга күчү жетмек деп баалашкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *