Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Бразилия: Экс-президенттин тарапкерлери Конгресске кирип барышты

0
Бразилия: Экс-президенттин тарапкерлери Конгресске кирип барышты

Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонарунун тарапкерлери 8-январда өлкө парламенти – Конгресстин имаратына жана президенттик ордого кирип барышты. Интернетте тарап жаткан борбор калаа Бразилиадан тартылган сүрөт жана видеолорго караганда, Болсонарунун тарапкерлери адегенде Конгресстин имаратынын чатырына чыгып, андан соң ичине киришкен. Полиция аларды токтото алган жок.

Өлкө бийлиги шаарга укук тартибин коргоо кызматкерлеринин кошумча күчтөрү жөнөтүлөрүн билдирди.

Президенттик шайлоо бул өлкөдө былтыркы жылдын октябрында өткөн. Расмий эсеп боюнча жеңүүчү деп табылган Луис Инасиу Лула да Силванын инаугурациясы 1-январда уюштурулган.

Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.

Серепчилер Бразилиядагы соңку окуяларды АКШдагы 2021-жылдын 6-январындагы кырдаал менен салыштырып жатышат. Ал күнү ошол кездеги өлкө башчысы Доналд Трамптын тарапкерлери Капитолийге кол салышкан, ал кезде да Трамп шайлоодо жеңилгенин моюнуна алуудан баш тарткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *