Секелекти зордуктоого айыпталган эки милиционердин жаза мөөнөтү кыскарды
13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарганы маалым болду.
Бул тууралуу "Азаттыкка" жабыркаган кыздын атасы кабарлады.
12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган.
Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылдан кесилишкен эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскарып, 10 жылга соттолгон үчүнчү адамдын жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды.
Бишкек шаардык сотунун кеңсеси 12-январда бул иш боюнча соттук отурум болуп, өкүм чыкканын ырастап, толугураак маалымат кийинчерээк болорун "Азаттыкка" билдирди.
"Шаардык сот Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеген 34 жаштагы кызматкердин жаза мөөнөтүн тогуз жылга чейин азайткан чечим чыгарды. Биз бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко кайрылабыз жана адилеттикти камсыздап беришин өтүнүп президент Садыр Жапаровго да жазабыз", - деди кыздын атасы.
Бишкек шаарды сотуна апелляциялык арызды Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болгон айыпталуучулар жазган.
13 жашар наристени зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга кесилген.
2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.
8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышкан.
19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.
Ички иштер министрлиги 2022-жылы жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.(ZKo)