Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ректор тандоо: искусство ишмерлеринин таарынычы

0
Ректор тандоо: искусство ишмерлеринин таарынычы

Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалышы аталган окуу жайдын жамаатын нааразы кылды.

Колдошевди дайындоо тууралуу буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон.

Түмөнбай Колдошовду 12-январда университеттин жамаатына билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тааныштырды.

Тааныштыруу маалында айрым кызматкерлер Колдошовдун адистиги филолог экенин жүйө келтирип, каршылык билдиришти.

Мугалим Кутманаалы Султанбеков эгер жаңы жетекчи ишке кирише турган болсо, кызматтан кете турганын айтты.

Айрымдар окуу жайдын имарат көйгөйүн, өлкөдөгү адилетсиз берилген сыйлыктар тууралуу да маселе көтөрүштү.

Жамааттын каршылыгы Түмөнбай Колдошов алты айлык сыноо мөөнөт менен дайындалып жатканын уккандан кийин басаңдай түштү.

"Максатым - креативдүү адистерди даярдоо"

Түмөнбай Колдошов окуу жайга ректор болуу ниетин маданият тармагы креативдүү адистерге муктаж экени менен түшүндүрдү. Окуу жайды өнүктүрүү программасы бар экенин кошумчалады.

“Жамааттын сынын кабыл алам. Анткени алар мага эң маанилүү жана кечиктирбей жасай турган иштерди айтты, аларды көңүлгө түйүп алдым. Эми алдыда ынтымак менен бир топ иштерди жасайбыз деп турам.

Окуу процессине байланыштуу маселелер, илимий журналдын инпакт-факторун жогорулатуу, инвестиция тартуу боюнча иштерди да жүргүзөм. Бейшеналиева атындагы окуу жай биздеги жападан жалгыз маданият жана искусство университети болгондуктан өлкө деңгээлинен чыгып, Борбор Азияга кулачыбызды жайышыбыз керек. Максатым - Кыргызстандын маданиятына креативдүү адистерди даярдоо. Азыр биринчи кезекте кандай бийиктикке жетүүнү аныктоо максатында окуу жайдын беш жылдык стратегиялык планын иштеп чыгышыбыз керек. Башкача айтканда, төртүнчү муундагы окуу жайга айландырып, билим берүү, илим жана өндүрүшкө басым жасоо шарт”.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин 2014-жылдан бери жетектеп келген мурдагы ректор Мамашарип Чотонов былтыр 8-декабрда оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Билим берүү министрлиги 13-декабрда Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык Бейшеналиева атындагы окуу жайдын ректорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган.

Натыйжада алты талапкер бул кызматка ат салышкан, алардын үчөө ошол окуу жайдын кызматкерлери болгон. Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү баш болгон комиссиянын алдын ала эсеби боюнча эң көп добушту маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов алганы 11-январда маалымдалган.

Бирок ушул эле күнү окуу жайдын жамааты сынактын талаптары жана шарттары бузулганын айтып, нааразылык билдирип чыгышты. Алар видео кайрылуу жарыялап, жетекчи сырттан эмес, жамааттын ичинен чыккан адам болсун деген талапты айтышкан. Ал арада окуу жайдын жүздөн ашуун мугалими нааразылык иретинде кол топтоого чейин барган.

"Адистиги туура келбейт"

Окуу жайда 22 жылдан бери эмгектенип жаткан Сырттан окуу, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы Асел Турдалиева жаңы жетекчиге каршы болушканынын себебин айтты:

“Биз Колдошовдун талапкерлиги туура келеби деп ар тараптан изилдеп көрсөк, адистиги филолог экен. Андан сырткары өзү музыкалык сабаты жок экенин айткан жайы да бар. Бул жерде баары билимдүү музыканттар да. Анын обондуу ырларын эл катары угуп жүрөбүз. Бирок обончулук башка, жетекчилик кызматтын милдети таптакыр башка. Биздин окуу жайды жөндөп кетеби, жамаатты бир муштумга бириктирип кете алабы деп ошондон чочулаганбыз. Анан социалдык тармактарга каршылыгыбызды билдирип, Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлигине кайрылуу жасадык. Өкүнүчтүүсү бир да реакция болбоду. Демократиялык мамлекет болгондон кийин үнүбүздү угушса болмок. Колдошов кандай критерийлер менен комиссиядан жогору упай алганы да бизге күмөн саноо жаратты. Өзүбүздөн чыккан үч талапкер биздин окуу жайды ийне-жибине чейин билет. Биз алардын кайсынысы келсе да макул элек”.

"Комиссияга шек жаралды"

Окуу жайдан ректордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Калыбек Түлөбердиев, композитор Мырзали Жээнбаев жана музыка факультетинин деканы Самат Көчөрбаев талапкерлигин көрсөткөн.

Көчөрбаев талапкерлерди тескеген комиссияга шек жаралганын айтууда:

“Биринчиден, комиссия мүчөлөрүнүн ичинен маданият министринин Союзбек Надырбековдон башка орун басарларын тааныбадым. Көпчүлүгү жаштар болчу. Жалпы сынактын жыйынтыгында алты талапкердин ичинен көпчүлүгүбүз эки баллдын тегерегинде добуш алдык. Түмөнбай мырзаны баарыбыз жакшы тааныйбыз. Ал жети баллдын тегерегинде алды. Биз сынак болгуча эле талапкердин адистиги туура келсин деп өтүнгөнбүз. Анткени биздин окуу жайда Москва консерваториясын бүтүргөн профессорлор баш болуп өмүрүн искусствого арнаган кишилер эмгектенет. Алар ким болбосун маданият жаатына квалификациясы туура келсе деген көксөөсүн билдирип, үнүбүз бийлик өкүлдөрүнө жетеби деген максатта кайрылуу жасады. Анан комиссиядагы мүчүлүштүктөр боюнча эркин ойду билдиришти. Түмөнбай жетекчиликке келе турган болсо бул министрликтин, комиссиянын чечими. Буйрукту алып келип, жетекчини тааныштыруу болсо, каршы пикирин айтып жаткан мугалимдер, профессордук окумуштуулар жамааты баарлашып сүйлөшүү менен суроо беребиз деп жатышыптыр. Мамлекеттин буйругу чыга турган болсо арга жок, ишибиз токтобой улана берет”.

12-декабрь күнү Колдошов ректор катары тааныштырылгандан кийин Самат Көчөрбаев өзүнүн пикирин билдирип, төмөнкүдөй кайрылуу жасады.

“Ушундай эркин ой жүгүртө алган ынтымактуу жамаатыбыз менен сыймыктанам жана алкыш айтам! Сиздер да биздин жамааттын ачык пикирин туура түшүнүңүздөр. Бүгүн жаңы ректор Түмөнбай Колдошовду окуу жайыбызга алып келип, тааныштыруу учурунда эки министрликке, Тандоо комиссиясына жана Түмөнбай мырзанын өзүнө жамааттын атынан ачуу сындар айтылып, жыйын үч саатта аяктады. Демократиялуу коомдо маданият тармагындагы ар бир айтылган чындыкты туура түшүнүп, туура кабылдоого үйрөнүшүбүз абзел. Жыйынтыгында, жаңы окуу жайдын ректорун жамаатка тааныштырып, дайындап кетишти. Сөзүмдүн аягында айтарым, маданият тармагынын жетекчисин жогору жактын кийлигишүүсү менен дайындаган ушундай жагымсыз окуя акыркысы болушун тилейт элем”.

Университеттин мугалимдеринин айтымында, буга чейин ректорлорду өздөрүнүн добушу менен шайлап келген. Алар жаңы өңүттөгү дайындоого нааразылык билдирип турган учурда окуу жайдын кино жана телекөрсөтүү факультетинин деканы Тынчтыкбек Бугучиев да “Азаттыкка” пикир билдирип, жамаатын алдыдагы кадамы маданий жол менен гана жасаларын айткан:

“Алгач расмий эмес маалыматтан социалдык тармактарга жаңы ректорду куттуктоолор чыга баштады. Анан өзүбүздүн ашкананы түшүнгөн талапкерлер келсин деген талапка реакция болбогондуктан, биздин жамаат тарабынан кайрылуу жасалды. Бизде азыр деле каршылык билдирип аягына чейин турабыз дегендер бар. Бирок окуу жайыбыз бирден бир маданият окуу жайы болгондуктан, улуу муун менен кичүү муун кеңешип, өз талабыбызды маданияттуу түрдө билдирели деп чечтик. Башкалардай көчөгө плакат көтөрүп чыкпайбыз. Колдошовго коё турган талап, бере турган суроолорубуз бар”.

"Тандоо ачык-айкын болгон"

Бирок ректорду тандаган комиссиянын ишинде чекиликтер болгонун Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлиги четке кагууда.

Комиссияда төрага болгон билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов тандоо ачык жүрүп, сынак учуру видого да тартылганын айтууда.

“Ректорду шайлоо шарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 38-беренесинде так жазылып турат. Тандоо ачык жүрөт жана ага квалификациялык талаптарга туура келген бардык талапкер катышууга укуктуу. Алты кандидаттын ичинен Түмөнбай Колдошов өттү. Комиссиянын курамдык сапаты ченемдүү укуктук актылар менен тескелген. Ал жерде комиссиянын ар бир мүчөсү бардык талапкерге өзү суроо берип, баалап анан упайы эсептелет. Ал жерде баары ачык-айкын болгон, бардык талапкерлерге бирдей суроо берилген, жооп берип жаткандары видеого тартылган. Мисалы, “мен макул эмесмин” деген ар бир талапкер бизге арыз жазып ошол видеосун көрсө болот, кандай жооп бергенин өзү да бааласа болот. Бул жерде эч кандай жашырчу нерсе жок. Ал тургай биздин чечимге макул болбосо аны сотко берүүгө да өлкө мыйзамы жол берет”.

Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жетекчилерди кызматка сыноо мөөнөт менен дайындоого укук берилген. Сыноо мөөнөтү бүткөндөн жетекчинин отчеттору менен таанышып кийин комиссия аны кызматка калтырууну же ордунан алууну карап чыкса болот.

Колдошовдун ректорлукка келиши социалдык тармактарда да бир топ кайчы пикирлерди жаратып жатат. Айрым замандаштары аны бул кызматка ылайык көрбөсө, айрымдары аны колдоп, ишти жөндөп кетет деп ишенишүүдө.

Жаңы жетекчини тааныштыруу аземине катышкан эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов буларды билдирди:

“Искусство университетине биринчиден креативдүү көз караштагы, бүгүнкү күндө дүйнөлүк талапты мыкты билген жетекчи керек. Сөзсүз түрдө эле тийиштүү кесиптин ээси болуунун кажети жок. Маселен, мен бир жылдары башкырт акыны Мустай Карим менен жолукканымда “Жакшы өтүкчү жакшы бригадир болушу мүмкүн эмес” деген сөз айтты эле. Демек бардык эле жакшы музыкант же жакшы актёр дайыма жакшы жетекчи боло бербейт. Жетекчиликке өзүнчө жөндөм керек. Мен мурдагы билим берүү министри маркум Каныбек Исаковду да буга мисал кылгым келет. Ал менин түшүнүгүмдө биздин жогорку окуу жайлардын ичинде эң күчтүү, креативдүү жетекчи болчу. Түмөнбай болсо Исаковдун шакирти, анын илимий жактан да, практикалык жактан да тажрыйбасын алган. Мен анын бул окуу жайды бийик деңгээлге алып чыгарына ишенем”.

36 жаштагы жаңы дайындалган ректор Түмөнбай Колдошов “Жарты кайык”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Тоолор мени кучактагыла”, “Сүйүү багы” баштаган обондуу ырлары менен элге таанымал болгон.

Ал 1986-жылы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Эмгек жолун ушул эле окуу жайда окутуучулуктан баштап, проректорлук кызматка чейин көтөрүлгөн. 2020-жылдын июль айында Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык коллеждине жетекчи болуп эки жыл иштеген. 2022-жылдын сентябрь айынан бери маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети билим берүү саясаты боюнча Билим берүү жана илим министрлигине, каржылык маселелери боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Эмгек жамааты ректор тааныштырууда окуу жайды эки министрликтин бири эле карамагына алышын суранышты.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов мындан башка да айтылган бир топ өтүнүчтөр, сунуш-пикирлер эске алынарын билдирди:

“Имарат салуу, музыкалык аспаптарды алуу боюнча көптөгөн сунуш-пикирлер айтылбадыбы. Аспаптарды алуу быйылкы жылкы бюджетке киргизилген. Азыр эң чоң маселе курулуш маселеси болуп турат. Эгерде быйыл анын долбоорун бүтүп алсак, алты айдын ичинде курулуш иштерин баштоого негиз болот эле. Буга каражат бар. Бул боюнча өкмөттүн төрагасы Акылбек Жапаров да акча бөлүнөрүн айтып сөз берген”.

Өлкөдөгү жогорку музыкалык билим берүүчү Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети 1967-жылы Фрунзеде уюшулган. 1974-жылы окуу жайга белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы берилген.

2013-жылы мекеме университет макамын алып, учурда 1400 студент билим алат.







Врач Тяжельников рассказал, какое мясо лучше всего подходит для шашлыка

Миллионы — в хлам. Мажоры и блогеры разбивают в Москве дорогущие машины

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

В российских регионах в 2024 году начнут работу магазины «Петербургского дизайна»


Fans slam ‘worst thing I’ve ever seen from EFL ref’ as John Eustace sent off after heated touchline bust-up

Tom Aspinall says UFC 304 start time is ‘awful’ and should be changed as Brit provides update on next opponent

China’s Huawei launches new software brand for intelligent driving

Chat log from R7 of 2024: Gold Coast vs West Coast


Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Пётр Алексеевич Спичев


Manor Lords' dev asks players: Should its supply mechanic be changed?

Google picks the one fight it will never win—with Sonic fans

Музыкальную игру Blue Wednesday с глубоким сюжетом выпустили на iOS

You may be kicking yourself for deleting Destiny guns that are all of a sudden viable again, but one of the game's biggest YouTubers has been Marie Kondo-ing his friends' arsenals on camera for years


Депутат Миколаївської облради Кормишкін вперше опублікував своє весільне фото

Рушникосушки від Hygge Family: європейські стандарти якості на українському ринку


Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

МЧС РФ: в общежитии РУДН в Москве произошло короткое замыкание

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга


«Автодор» попросил водителей заправляться заранее после очередей на АЗС на М-12

Политолог Вароли назвал Польшу «бульдогом» США в попытках показать свою воинственность

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Героическое участие армян в СВО. Часть третья


Трамп: Байден не сможет добиться освобождения арестованного в России Гершковича

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше

Ульяновские росгвардейцы и кадеты «Гвардейской смены» написали «Диктант Победы»

У путіна погрожують Заходу через заморожені активи


Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде


РИА Новости: к общежитию РУДН приехали спасатели после сообщения о взрыве

Май спрогнозировали россиянам синоптики

Прогулки по Германии: Мюнхен, Германия

Шашлыки и демонстрации. Как в разные годы в Москве праздновали Первомай


Музыкальные новости

Deep Purple — Portable Door

Нашёлся ещё один пострадавший от криминальных схем бывшего жениха Волочковой

Певица Анциферова заявила, что уехавшие из России артисты мозолили глаза на ТВ

Николаю Фоменко – 62: что связывает артиста с Полом Маккартни и «Формулой-1», и при чем тут гвозди


6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Азербайджанцев, подозреваемых в убийстве у «Галереи Чижова», суд отправил в СИЗО

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

МЧС РФ: в общежитии РУДН в Москве произошло короткое замыкание


Хоккейный клуб из Балашихи выиграл Кубок Регионов

Операция "Кольцо" как прецедент этнических чисток в Арцахе

Азербайджанцев, подозреваемых в убийстве у «Галереи Чижова», суд отправил в СИЗО

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане


В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck

Пятерых человек арестовали за грубые нарушения ПДД на Малой Бронной в Москве

Восемь человек пострадали в ДТП с участием маршрутки на юге Москвы

Первый в России электромобиль Tesla Cybertruck заметили на Москве


Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России

«Ану-ка, девушки!»: какой была легендарная передача, которая вернется на ТВ

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен




Прокуратура Москвы: школьница попала в больницу после наезда электросамоката

Мать погибшего в «Крокусе» инвалида-колясочника сможет получить за него выплату

Матери погибшего при теракте в «Крокусе» инвалида назначили выплату

Улыбка артиста дорогого стоит: сколько знаменитости тратят на уход за зубами


Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей

Тренер "Динамо" Личка о самой дорогой покупке в Москве: я купил себе самокат

Волейболисты «Зенита-Казань» стали чемпионами России


Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду


Собянин: Уникальная спецтехника помогает бесперебойной работе метро Москвы

Сергей Собянин обнародовал программу развития столичного туризма

Сергей Собянин. Главное за день

Собянин: к 2030 году на долю Москвы придется 35–40% туристов в России


В 2024 году исполняется 140 лет созданию в Москве первой общедоступной публичной бесплатной библиотеки

Институт СТЭИ при поддержке Комитета общественных связей и молодежной политики города Москвы реализует проект "Вода Москвы"

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга


Синоптики спрогнозировали облачную погоду и до плюс 19 градусов в Москве 1 мая

Синоптик Позднякова: самыми теплыми днями апреля в Москве стали 2 и 30

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше


Хвост ледохода в Усть-Пинеге: что происходит на реках Поморья 29 апреля

Экскурсоводы из Архангельска знакомят посетителей выставки «Россия» с достижениями регионов страны

Архангельские тяжелоатлеты успешно выступили на зональных соревнованиях

Следственный комитет предупреждает: не оставляйте детей без присмотра в комнате с открытым окном


Крымские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Еженедельный вестник катастроф

В районе Симферополя появится крупный жилой микрорайон - ЖК "Республика"

Система ПВО сработала над Джанкоем и Симферополем: ВСУ пытались атаковать Крым ракетами ATACMS


Весенний показ моды на Fashion Day Academy Kaurtseva III 2024 г.

Артиста Дениса Майданова госпитализировали из театра в Москве

Уроженец Ростовской области арестован по делу о поджоге вертолета

Дотанцевались до ареста: Молодые люди устроили дискотеку посреди дороги в центре Москвы














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *