Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Рахмон Жапаровду алака-катыштын 30 жылдыгы менен куттуктады

0
Рахмон Жапаровду алака-катыштын 30 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн дипломатиялык алака-катышынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлап, Рахмондун катынын мазмунун жарыялады. 

“Акыркы отуз жылда биздин мамлекеттер достук жана ынак коңшулук маанайда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө белгилүү натыйжаларга жетишти. Эки көп тараптуу түзүмдөрдүн аянтчаларында кызматташуунун оң тажрыйбасына ээ, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп, глобалдык демилгелерди бирге илгерилетүүдө. Мен тажик-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына жооп берип, Борбордук Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого салым кошот деп ишенем”,-деп жазылган Рахмондун катында.

Ошондой эле, тажик президенти “Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди,  дос кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалаганы " белгиленген.

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров бул маарекеге байланыштуу Рахмонду куттуктап-куттуктабаганын тактаган жок.

Былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ири куралдуу кагылыш орун алып, эки тараптан ондогон адам мерт болуп, турак-жайлар талкаланып өрттөлгөн. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин күнөөлөгөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *