Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Бразилия: экс-президенттин тоз-тополоңго тиешеси иликтенет

0
Бразилия: экс-президенттин тоз-тополоңго тиешеси иликтенет

Бразилияда Жогорку сот мурдагы президент Жаир Болсонаруга карата иликтөө баштоого санкция берди.

Прокуратура экс-президентти тарапташтарын мамлекеттик мекемелердин имаратын басып алуу аракети менен коштолгон тополоң уюштурууга шыкактаган деп шек санап жатат.

Учурда 67 жаштагы Болсонару АКШда. Ал тарапташтарынын аракеттерин айыптап, имараттарга басып кирүүнү мыйзамсыз деп атаган.

Бразилияда өткөн жекшембидеги тополоңдо 200дөй адам кармалган. Анда Болсонарунун тарапкерлери президенттин сарайынын, парламенттин жана Жогорку соттун имараттарына кирип барган жана полиция аларды көп өтпөй кууп чыккан.

Азыркы президент Луис Инасиу Лула да Силва январдын аягына чейин баш калаа Бразилияда өзгөчө кырдаал жарыялап, тополоң чыгаргандардын баары жазаланарын айткан.

Бразилияда президенттик шайлоо былтыр октябрда өткөн. Расмий эсепте жеңүүчү деп табылган Луис Инасиу Лула да Силванын инаугурациясы 1-январда болгон.

Болсонарунун тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып жатышат.

АКШ президенти Жо Байден Бразилиядагы өкмөттүк имараттарга чабуул коюуну “чектен чыккан көрүнүш” деп сыпаттаган. Европа Биримдигинин жана Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрү азыркы президентке тилектештик билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *