Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ош: адам өлтүрүү фактысы боюнча дагы эки адамга издөө жарыяланды

0
Ош: адам өлтүрүү фактысы боюнча дагы эки адамга издөө жарыяланды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам өлүмү менен аяктаган уруп-сабоого байланыштуу дагы эки адамга издөө жарыялады. Милициянын билдиришинче, 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков менен 1992-жылы туулган Актилек Автандил уулу дагы бул кылмышка тиешеси бар катары шек саналып жатат.

Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыптап кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Андан сырткары кылмышка шектүү катары 1995-жылкы Акылбек Раимберди уулуна, 1995-жылкы Эламан Коргонбай уулуна жана 1998-жылкы Курсантбек Шакир уулуна издөө жарыяланган.

"13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Досонов Кадыр кармалды", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *