Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Өтмөк ашуусу убактылуу жабылат

0
Өтмөк ашуусу убактылуу жабылат

Өтмөк ашуусу 14-январда көчкү атып түшүрүү ишине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеме айдоочуларга зарыл иш болбосо, жолго чыкпай турууну эскертти.

Маалыматка ылайык, көчкүнү атып түшүрүү иши Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 1-чакырымынан 14-чакырымына чейин аралыкта жүрөт. Чектөөнүн мөөнөтү канчага созулары азырынча белгисиз.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-январдан 19-январга чейин Бишкек – Ош автоунаа жолунун 121-135, 198-255чи жана Суусамыр – Талас – Тараз автунаа жолуна 1-14-чакырымдарында кар көчкүнү атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөрүн эскерткен. 

10-январда Төө-Ашууда кар көчкү жүргөн. 4 миң метр куб кар жолду бөгөп, бир автоунааны басып калган. Транспорт жана байланыш министрлиги жолчулар автоунаадагы жүргүнчүлөрдү аман-эсен куткарып чыкканын билдирген.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылый баштайт.(MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *