Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Секелектин зордукталышы: Эки милициянын жаза мөөнөтү кыскарды

0
Секелектин зордукталышы: Эки милициянын
жаза мөөнөтү кыскарды

Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартты. Буга чейин Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга кесилген милиционерлердин биринин мөөнөтү алты жылга, экинчиси тогуз жылга кыскарды. Секелектин ата-энеси сот чечимине нааразы экенин билдиришти.

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин 12-январда Бишкек шаардык соту апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 15 жылга соттолгон эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыйла кыскарды.

Апелляциялык арызды Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы айыпталуучулар жазган.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы Дайырбектин (аттары өзгөртүлдү) жаза мөөнөтү алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы Эрмектин жаза мөөнөтү тогуз жылга чейин азайды.

Үчүнчүсү - 10 жылга соттолгон 41 жаштагы Кумарбектин жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калды.

Жабырланган тарап сот чечимине нааразы жана Жогорку сотко даттанууну көздөөдө.

Бул тууралуу секелектин адвокаты Тимур Султанов "Азаттыкка" кабарлады.

"Биз бул чечимдин үстүнөн Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз", - деди адвокат.

Жабыркаган кыздын атасы Бишкек шаардык сотунун чечимине нааразы. Ал айыпталуучулар өкүм өздөрүнүн пайдасына чечилерин алдын ала билишкен деп эсептейт.

"Кызымды кордоп, колдон-колго өткөрүп жүргөн милиция кызматкерлери соттун өкүмү чыга турган отурумда маанайлары ачык, жайдары отурушту. Бири темир тордун артынан туруп бизге сөөмөйүн кезеп, "эми көрөсүңөр" деп опузалоого да жетишти. Аны экинчиси тыйып, айтор, өкүм өздөрүнүн пайдасына чыгарын, жазасы жеңилдерин алдын ала билишкендей болду. Сот өкүмдү окуганда залдагы биз, менин адвокатым өкүмгө түшүнүп үлгүрө электе алар адвокаттары менен кучакташып, бири-бирин куттуктап киришти. Биз доо арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз. Бирок мен адилеттик болоруна көзүм жетпей калды. Мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылып, кызымдын ишин өзүнүн көзөмөлүнө алуусун суранам".

Бишкек шаардык соту бул ишке карата 12-январда чыгарылган өкүм тууралуу судьялардын негиздемеси камтылган кеңири маалымат жыйыны 16-январда болорун маалымдады.

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишти президенттин алдындагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева өз көзөмөлүнө алганын кабарлаган.

Бул ишке байланыштуу бардык сот жараяндарына балдар омбудсменинин кызматкери катышып, мониторинг кылып жүрдү.

Асел Чынбаева сот чечими боюнча Балдар омбудсмени өз пикирин билдирерин айтты:

"Биздин колубузга соттун чечими тие элек. Чечимди алгандан кийин ага карата өз сөзүбүздү айтабыз. Бул иш биздин жеке көзөмөлүбүздө".

Балдар омбудсменинин жардамы менен секелек кыз мектепте онлайн окуп жатат. Кыз коомчулуктун жардамы менен алгач жеке мектептердин бирине окууга киргизилип, бирок көпкө кармалган эмес.

Кыздын апасынын айтуусунда буга секелектин тил билбегени себеп болгон.

"Кызым бул жакта кыргыз мектепте окуган да. Акча топтоп жеке мектепке киргизгенде ал жакта орус тилинде билим берилет экен. Орусча оюн жакшы түшүндүрө албаган кызым теңтуштары шылдыңдап жатканына чыдабай, ал жактан чыгып кетти. Андан тышкары "баягы кыз" деген маалымат ал жакка да жетип, кызым эч кимге кошула албай, корунуп окуй албай койду. Азыр эми башка мектепте онлайн окуп жатат. Теңтуштарына аралаша албай, түнт тартып кетти. Биз менен сүйлөшүүнү да каалабайт. Ойноп-күлө турган кезинде үйдө бир бурчка эле такалып калды. Өткөөл курагында өзүнө кол салган күндөрү болду. Балапанымдын канатын кайрыгандары аз келгенсип, эми тебелеп жатышат. Булар кызымдын тагдырын талкалашты. Райондук сотто адилеттикке жеттик деп кубандык эле, шаардык соту бизди кайрадан тебелеп койду".

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча ишке байланыштуу төрт адам соттолгон. Алардын үчөө - эки милиционер жана мурда соттолгон бир адам Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен айыптуу деп табылып, эки милиция кызматкери 15 жылдан, ал эми мурда соттолгон адам 10 жылга кесилген.

Төртүнчү жаран - 21 жаштагы официант болуп иштеген Маратты Биринчи Май райондук соту тогуз жылга эркинен ажыраткан.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган.

Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоону талап кылган акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышкан.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.

Ички иштер министрлиги 2022-жылы жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *