Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Майлуу-Суу шаарында жылуулук маал-маалы менен берилип жатат

0
Майлуу-Суу шаарында жылуулук маал-маалы менен берилип жатат

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында жылуулук маал-маалы менен берилип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчулары жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздап жатат.   Ушул тушта шаарда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары  Урматбек Шамырканов баштаган топ жагдайды көзөмөлдөп жүрөт.

Шаарда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Учурда №1 отказан ишке кирип,  маал-маалы менен жылуулук бериле баштады. Таза суу беш машина менен ташылып келип жатат.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылуураак боло баштайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *