Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Иранда коргоо министринин мурдагы орун басары дарга асылды

0
Иранда коргоо министринин мурдагы орун басары дарга асылды

Иранда коргоо министринин мурдагы орун басары Али-Реза Акбари Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деп дарга асылды. Ал Ирандын жана Британиянын жараны болгон.

Акбари өлүм жазасына тартылганын Би-Би-Си Ирандын мамлекеттик ЖМКларына таянып билдирди. Буга чейин Ирандын Жогорку Соту анын апелляциялык арызын четке каккан.

Мурдагы аткаминер 2019-жылы кармалып, "британиялык чалгын кызматына тыңчылык кылган, бул үчүн 2 миллион доллар алган" деп айыпталган. Би-Би-Синин перс кызматына түшкөн аудио жазууда Акбари жасабаган ишти кыйноодон улам моюнга алгууга аргасыз болгонун айтып берген.

Британиянын премьер-министри Риши Сунак Акбарини дарга асууну "варвардык режимдин ырайымсыз жана коркунучтуу актысы" деп атады. Ага чейин жума күнү тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Акбарини тезинен бошотууга чакырып, өлүм жазасы саясатташып кеткенин айткан.

Акбаринин өлүмүнөн кийин Лондон жооп иретинде Ирандын баш прокурору Мохаммад Жафар Монтезериге санкция салды. Француз бийлиги да өкүмдү сынга алды, буга байланыштуу Ирандын элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде "Лондондун өлкөнүн улуттук коопсуздугуна кийлигишкенине" байланыштуу Британиянын элчисин чакыртты.

Акбари коргоо министринин орун басары болуп өлкөнү 1997-2005-жылдары башкарган Мохаммад Хатаминин тушунда иштеген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *