Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

COVID-19: Кытайда декабрдан бери 60 миңдей бейтап көз жумду

0
COVID-19: Кытайда декабрдан бери 60 миңдей бейтап көз жумду

Кытайда карантин чаралары жумшаргандан бери, 8-декабрдан 12-январга чейин коронавирустан 60 миңге чукул бейтап каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясына таянып жазды.

Буга чейин Кытай бийлиги пандемия башталгандан бери беш миңдей бейтап көз жумганын, өткөн айда 10 адам гана коронавирустан каза болгонун билдирип жаткан. Ушул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бээжинди оорудан мерт болгондордун санын азайтып көрсөткөнүн сындаган.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 миллион киши жугузуп алганын жазган.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен кытай бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган. Бээжин ири нааразылык акцияларынан кийин 7-декабрдан тарта COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатын жеңилдетүүгө киришкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *