Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Адам өлүмүнө шектүү айдоочунун камактан бошонгон себеби айтылды

0
Адам өлүмүнө шектүү айдоочунун камактан бошонгон себеби айтылды

Бишкекте 24 жаштагы кыздын өлүмү үчүн айыпталып жаткан айдоочу эмне себептен камактан бошотулганы тууралуу маалымат берилди. Свердлов райондук сотунун 17-январдагы маалыматына караганда, шектүүнүн жактоочулары ал бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусу менен ооруй турганы,  өнөкөт оорусунан улам 2016-жылдан бери гемодиализ алып жүргөнү тууралуу медициналык документтерди көрсөтүшкөн.

“Бул оорулар шектүүнү же айыпталуучуну камакта кармоого жол берилбей турган оор илдеттердин өкмөттүн токтому менен бекитилген тизмесине кирет” ,- деп билдирди соттун маалымат кызматы.

Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Айза Улан кызы Бишкекте жол кырсыгынан каза болгонун, аны машинасы менен сүзүп кетип, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыккан. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгилеген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *