Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Салык кызматы товарларды текшерген тиркемени ишке киргизди

0
Салык кызматы товарларды текшерген тиркемени ишке киргизди

Салык кызматы товарлардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшерген "Текшер" тиркемесин ишке киргизгенин кабарлады.

Жарандар бул тиркеме менен товарларды анын таңгагындагы кодун сканерлөө аркылуу өз алдынча текшере алат. Анда товар жөнүндө толук маалыматты, толук аталышын, өндүрүүчү жана чыгарылган өлкөнү, товардык белгини жана ар кандай документтер тууралуу билсе болот.

"Эгерде кандайдыр бир бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, даттанууну түздөн-түз ушул тиркеме аркылуу берүүгө болот. Салык органдарынын кызматкерлери тийиштүү контролдук иш-чараларды өткөрүшөт. Ошол эле учурда даттанууну берген жарандар алардын кайрылуусу кайсы баскычта экенин байкап, ошондой эле контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары менен тааныша алат", - деп айтылат маалыматта.

Мекеме билдиргендей, Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер жана тамеки идентификациялоо каражаттары милдеттүү түрдө маркаланышы керек.

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин көмүскөгө кетип жатышы тууралуу маселе буга чейин көтөрүлгөн. Былтыр 17-июнда Салык кызматы Бишкек шаарындагы "Дордой Foods" базарынын аймагынан күмөндүү акциздик маркалар менен сакталган алкоголдук продукцияны табышканын билдирген. Анда кампадан "Аю" жана "Бишкек Алко пром" компаниялары чыгарган 4800 бөтөлкө ичимдик алынган.

Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер базарында өндүрүштүн төрт эсеге кыскарганы кабарланган. Президент Садыр Жапаров бул тармакта көмүскө ишкердик кылуу жайылып бараканын, алкоголдук продукцияны "көмүскө" жүгүртүүнүн үлүшү 40 пайыздан 80 пайызга чейин жетерин белгилеген.

Акциздик салыктын төлөнбөй жатышынан бюджетке дээрлик 2,5 миллиард сом түшпөй жатканы айтылган. 2019-жылы 139 миң бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция тартып алынган болсо, 2020-жылы бир миллиондон ашык бөтөлкө алынганы маалым болгон. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *