Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

MegaCom компаниясын менчиктештирүү боюнча маалымат берилди

0
MegaCom компаниясын менчиктештирүү боюнча маалымат берилди

“Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) менчиктештирүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу бүгүн 17-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Ишкананын жетекчилиги компания сатылбай турганын айтса, Мамлекеттик мүлк фонду сатыларын билдирди.

Компаниянын башкы директору Нурлан Мамытов ишкананын наркы болжол менен 12 миллиард деп бааланып жатканын, атаандаштык чөйрөсүн түзүү аракети көрүлөрүн айтты:

“Чынын айтканда, сатылбайт. Менчиктештирүүдөн өтөбүз, бирок сатылбайт. Ээси мамлекеттен ажыратылган структура болот. Мамлекет көзөмөлүн жоготпойт”.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров депутаттардын “Кошумча акция чыгаруу болобу же сатуубу?” деген суроосуна “Сатуу” деп жооп берди.

“Баалоочу компания тандалат. Бир ай ичинде баалайт, анан анык баасы болот. Убагында 19 миллиардга бааланган экен. Мүмкүн 14-15тин тегерегинде болот деген божомол гана бар. Экинчиден, менчиктештирүү программасы кабыл алынгандан кийин ыкмасы тандалат – же аукцион, же сынак же түз сатуу. Улуттук банк же уруксат берилген башка мамлекеттик тараптар катышышы мүмкүн. Ошол эле убакта башка да инвесторлор катышууга укуктуу. Сатып алган тарап эмиссия чыгарабы, капитализация кылабы, процедура менен жүрө берет. Салык, жумуш орундары жана башканын баары сакталат”, - деди Бакиров.

Комитеттин жыйынында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча 2023-2025-жылдарга программанын долбоору талкууланууда.

MegaCom 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылган. Кийин ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүргөн. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *