Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Үч облуста айрым мектептер онлайн окууга өттү

0
Үч облуста айрым мектептер онлайн окууга өттү

17-январдан тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги сайтында кабарлады.

Мекеме мындай чечим Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык кабыл алынганын билдирдик.

Министрликтин маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер, Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер, Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу, Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп аралыктан окутууга өттү.

Кара-Көл шаарындагы 2, Таш-Көмүр шаарындагы 3, Бакай-Ата районундагы 1 жана Жайыл районундагы 5 бала бакча жабылды.

Мурдараак Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы бардык мектептер суукка байланыштуу онлайн окутууга өткөнү кабарланган. Майлуу-Суу шаарындагы окуучулар да калаадагы өзгөчө режимге байланыштуу аралыктан билим алып жатышат.

Кыргызстанда катуу сууктан улам сасык тумоо кайрадан көбөйө баштаганын 16-январда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкен. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *