Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кытайдын калкы акыркы 60 жылда биринчи жолу азайды

0
Кытайдын калкы акыркы 60 жылда биринчи жолу азайды

Кытайдын калкы акыркы 60 жылда биринчи жолу азайды. Reuters жазгандай, бул дүйнөдөгү экинчи чоң экономика үчүн терең таасири бар тарыхый бурулуш.

Кытайдын Улуттук статистика бюросу 2022-жылы өлкө калкы болжол менен 850 000 кишиге азайганын билдирди. Бул эсеп - Кытайдагы Улуу ачарчылыктын акыркы жылы болгон 1961-жылдан берки биринчи кыскаруу.

Кытай дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө деген наамын жүздөгөн жылдардан бери биринчи жолу колдон чыгарганы турат. Бириккен Улуттар Уюмунун божомолуна ылайык, 2023-жылдын экинчи жарымын утурлай Индиянын калкынын саны Кытайдан ашып өтөт жана индиялыктар бул статусту узак жылдар бою сактап калышы мүмкүн.

Азыр Кытайдын калкы 1 миллиард 425 миллиондун тегерегинде. Индиянын калкы 1 миллиард 406 миллионду түзүп турат.

2022-жылы дүйнө калкы 8 миллиардга жеткен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *