Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

“Улуу көчмөндөр мурасы” маселеси парламенттик комитетте көтөрүлдү

0
“Улуу көчмөндөр мурасы” маселеси парламенттик комитетте көтөрүлдү

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин тагдыры боюнча маселе бүгүн 17-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Жыйында мамлекеттик мүлктү башкаруу, менчиктештирүү, инвестор тартуу багытындагы мыйзам долбоору, өкмөттүн “Аманат” деген улуттук холдинг түзүү демилгеси тууралуу сөз болду.

Депутат Улукбек Ормонов өкмөт буга чейинки тажрыйбасынан сабак алышы керек деген пикирин билдирип, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин мисал келтирди:

«“Улуу көчмөндөр мурасы” эмне болду? 700 миллионду жеп алды деп азыр түрмөдө отурат. Эми аны мамлекеттик бюджеттен төлөйбүз деп отурасыңар. “Аманатты” да бирөөгө түзүп берип, ага да бир миллиардды жедирип, жоёбуз дейсиңерби? Министрликке кошулуп жатса, ал башка маселе. Жаңы акционердик коом түзүлүп жатканда ага сөзсүз каражат керек болот, ай сайын акча котор дейт. Жасалма бирдеме түзүлүп жатат. “Улуу көчмөндөр мурасы” сабак болушу керек эле».   

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров депутаттын суроосуна жооп берип, башкарууну бирдиктүү системага келтирүү максаты коюлуп жатканын айтты:

«Бүгүнкү күндө акционерлер көбөйдү. Каржы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасына” акционер, Экономика министрлиги Туризм фондуна, Министрлер кабинети өзү “Кыргызиндустрияга”, Санариптик өнүктүрүү министрлиги 4-5 акционердик коомго акционер. Ошондуктан бул жерде негизги максат – баарын бир компаниянын алдына алып келип, башкаруусу менен стратегияны кабыл алуусун бирдиктүү кылуу, директорлор кеңештерин кыскартуу. Тизмеге ылайык акционерлер киргенде “Аманат” бир топ чоң компанияга айланат жана эл аралык соодага алып чыкканга мүмкүнчүлүк жаралат».

2022-жылдын 11-майында президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруу системасын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда “мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду натыйжалуу башкаруу” максатында Министрлер кабинетине "Аманат" улуттук холдингин түзүү тапшырмасы берилген.

«Аманатка» 16 ири компания кирери, уставдык капиталы 100 миллион сом болору кабарланган.

Мирлан Бакировдун айтымында, тийиштүү токтом долбоору азыр өкмөттө макулдашуудан өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин 2021-жылдын аягында түзгөн. Бир жылга жетпей аны каржылоо токтогону кабарланган. Холдингди жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк азыр камакта отурат. Башкы прокуратура ал коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Бөлтүрүк өзү күнөөсү жок экенин айтууда.(RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *