Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Кыргызстан мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн суперкомпьютер сатып алды

0
Кыргызстан мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн суперкомпьютер сатып алды

Кыргызстандын Министрлер кабинети мамлекетти тилди өнүктүрүү программасынын алкагында NVIDIA үлгүсүндөгү суперкомпьютер сатып алды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаты боюнча президентке караштуу улуттук комиссия менен “Улут Софт” компаниясы кыргыз тилинде маалыматтарды иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Суперкомпьютер мына ошону ишке ашыруу үчүн керектелет.

17-январда президенттик администрацияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында аталган компьютердин бет ачар аземи өттү. Байсаловдун айтымында, бул долбоор жана суперкомпьютер мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Ал аталган жабдуу 24 саат боюу иштей турганын, аны бардык мамлекеттик мекемелер, окуу жайдар жана башка кызыкдар адамдар колдоно ала турганын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин сайтында жазылгандай, жасалма интеллект кыргыз тилиндеги текстти үнгө айлантууга, үндү текстке айлантууга, текстти түзүүгө жана анализдөөгө кудуреттүү болот.

Суперкомпьютер – (Supercomputer) бул кадимки компьютерлерден күчтүү, ага караганда эсепти өтө ылдам жүргүзгөн адистештирилген эсептөөчү машина. Бул жабдуу катардагы компьютерлерге салыштырмалуу бир эле маалда бир нече операцияны аткара алат жана муну үчүн ага көп процессор керек болот.

Компьютерлердин эсептөө кубаттуулугу адатта флопс бирдиги менен эсептелет. Орточо компьютерлердин кубаттуулугу 0,1 терафлопс деп эсептелсе, кубаттуулугу 10 терафлопстон ашкан компьютерлер суперкомпьютер деп саналат. Андан күчтүүлөрү петафлопс бирдиги менен өлчөнөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында жазылгандай, алар алган суперкомпьютердин эсептөө кубаттуулугу 1 петафлопс. Ал секундасына 1 квадриллион операцияны аткара алат. Бул жабдууну алууга канча каражат жумшалганы маалыматта белгиленген эмес. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *