Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

"Ак кайыңдар шуулдап, ар күнү сени жоктошор"

0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 54 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Белгилүү ырчыны санаалаш сахналаштары, күйөрмандары жоктоп, кабыргасы кайышып турат.

Барпы акындын “Мөлмөлүм” ырын ырдап элге таанылган кезде (обону Токтосун Тыныбековго таандык) Малик Аликеев 17 гана жашта болгон. Көп өтпөй эле бул ашыктык ыры торгой таңшык таланттын визиттик карточкасына айланган. Эл чогулган жайларда андан бул чыгарманы далай ирет суранып ырдатышчу.

Малик Аликеевдин аткаруусундагы "Мөлмөлүм" ыры

 

8-класста окуп жүргөн өспүрүм атактуу төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев менен таанышпай калганда тагдыры балким башка нукта кетмектир? Али нота тааныбаган Аликеев залкар таланттын колдоосу менен 1986-1988-жылдары Улуттук филармониянын эки жылдык студиясынан билим алган.

Өзү теңдүү ыр ышкыбоздорунун ичинен топ жарып чыккан Аликеевди жаштайын тааныган сахналашы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артист Токтобүбү Черикчиева эстеп отурду.

"Мен филармонияга 15 жашымда келип, эмгектенип калдым. Эки жылдан кийин эле Малик Аликеев, Амантай Кутманалиев келди. Эстебес атабыздын алардын тапталып чыгышына чынында салымы чоң. Баласындай жетелеп жүрүп филармонияда окутту. Жадагалса Амантай экөөнү тең чуркап жүрүп аскерден алып калган. Малик кайталангыс, нукура талант. Кайсы ырды ырдабасын өтө жеткиликтүү аткарар эле. Үнү кайталангыс болгондуктан угармандарды өзүнө тартып алчу. Улуу муундагы Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбек, Жапар Чабалдаев аталар менен далай гастролдо жүрдүк, таалимин бирге алдык. Ушул кезге чейин чогуу иштеп жүрдүк. Үй-бүлөлүк да катышта элек. Ажалга арга жок тура, минтип кайгырып турабыз".

"Арзыкан" аттуу ыр Аликеевдин аткаруусунда

 

80-жылдардын соңунда Малик Аликеевдин атагы таш жарып, элдик ырларды аткарууну, комуз менен ырдоону популярдуу кылган. Кыргыздын нечендеген уул-кыздары андан өрнөк алып, өнөр дүйнөсүнө агылгандар арбыган.

Ким билет, балким доор алмашпаганда Малик Аликеевдин чыгармачыл дарамети дагы да терең ачылмак? Эгемендиктин алгачкы оош-кыйыш жылдары ырчы үчүн да оңой болгон эмес. Ошол кездеги турмуштук шарт-жагдайдан улам элирип турган талант элетке кетүүгө мажбур болгон.

Беш жашында атадан айрылган Аликеев апасына жөлөк-таяк болуп жүрүп, Таласта жүрүп калган. Бирок сахнадан убактылуу алыстай түшсө да колунан комузун түшүргөн эмес.

Малик Аликеев "Таласым" ырын ырдап жатат

 

2000-жылдары Малик Аликеев сахнага жаңы дем менен кайтып келген. Болгондо да өзү жаш чагынан эмгектенген “Эл ырчысы Эстебес” тобунда чыгармачылыгын уланткан.

Ошол жылдары топту жетектеген Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуржамал Таабалдиеванын айтымында, Аликеев өзүнө гана таандык тембрдин ээси болгон.

"Үнүнүн өзгөчөлүгүн белгилегим келет. Кайрыктары бөтөнчө уккулуктуу болчу. Маселен, башка ырчы ырдаган ырды Малик аткарса, айырмасы асман менен жердей эле. Анын таланты кандай мыкты болсо, адамгерчилиги да ошондой мыкты эле. Аны оору гана кыйнап койду. Менимче башкадан кем деле болгон жок. Апасы жалгыз балам деп бапестеп бакты. Болгону айылга үй салам деп кетип, кийин бутун кокустатып албадыбы. Кийинки учурда эле жакшы болуп, таяныч менен басып жүрдү эле. Сүйүнүп жатканбыз".

Ооруп жатып өмүр жөнүндө ой толгоо ырын ырдап жатат.

 

Булбул үндүү ырчы 2020-жылы тагдырдын сыноосуна кабылган. Ушул жылдары ал жамбаш сөөгүн кокустатып алып, төшөк тартып жатып калды. Кейиштүү абалы ааламторду аралап, аны сүйүп уккан калың күйөрмандарын зээнин кейитти. Көпчүлүктүн кайрылуусунан кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ырчынын үйүнө барып кабар алган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Сахналаштары ага моралдык колдоо көрсөтүү үчүн туулган жеринде концертин өткөрүшкөн. Эл артисти Сыймык Бейшекеев ошол чыгармачыл сапарда анын жанында болгон.

"Токсон жаштан өткөн аяш апабызга кыйын болду. Малигим деп кайраттанып жүрчү эле. Былтыр агабыздын туулган күнүн утурлай анын туулган өз айылында анан Таластын борборунда эки күн концерт койгонбуз. Өзүбүзчө көңүл майрамы кылып, классташтарынын да сыйын көргөнбүз. Бизди ак кайыңдуу жерге алып барганда, "мындай кооз жерди көрсөтпөй катып жүргөнүңүз үчүн айып салалы" деп бир топ тамашалашканбыз. Аттиң арман. Негедир эки-үч күн мурун ага чалып байланышкым келди эле. Күнүмдүк тиричиликке кирип кетет экенбиз да. Абдан кейип отурам. Ага чейин жаңы жылдын алдында сүйлөшкөнбүз. "Новосибирскиден операция кылчу адам келет" деп жатты эле. Малик агабыз кыргыз ырчыларынын бир тобун комуз менен ырдоого шыктандырган. Төкмө акындарды эске албаганда комуз менен ырдагандар Маликчелик популярдуулукка жеткен жок".

Элдин колдоо ошол кезде сыркоолоп турган Аликеевге дем берген.

"Азаттыктагы" маеги. Элдин колдоосу үмүт берет

Аликеев менен үзөңгүлөш жүргөн ырчы, Алымкул Үсөнбаев атындагы мамлекеттик "Эл шайырлары" тобунун жетекчиси Кылычбек Бекишов:

"Малик Аликеев өнөргө өтө эрте аралашты. Аты чыгып, ырларын мурас калтырды. Соңку жылдары өкмөт сыйлык бергени менен таланты кечирээк бааланып калды. Ушул жагы өкүнүчтүү болду. Төрт-беш жыл ичинде ден соолугу менен алпурушуп калды. Ага карабастан борборго келип-кетип концерттерге катышып жүрдү. Жакшы жагы уулу бар. Ал да комуз черткен таланттуу бала. Өмүрүнүн соңку учурунда бир топ сахналаштарына чалган экен. Мага да чалыптыр. Кандайдыр бир өтүнүчтү айтайын дегенби же коштошконбу, айтор ичибизде өкүнүч калды".

Эмгек сиңирген артист, манасчы Самат Көчөрбаев Аликеевдин кашкөй акын Барпынын лирикасын калың журтка тааныткан салымын белгиледи.

"Устаты Эстебес Турсуналиев бир эле "Анделек" ыры менен атактуу болгон сыңары эле Малик ага да "Мөлмөлүм" менен жарк этип чыга келди. Бул ырды жеткирүү аркылуу Барпынын чыгармачылыгын даңазалады, жалпы эле элдик өнөрдө ушул ырга окшогон "Гөзал кыз", "Сардал кыз", "Арзыкан", "Көксулуу", "Дилбарым", "Гүлбарым" деген керемет ашыктык ырлар бар экендигин эске салып, коңгуроо какты. Обондуу ырлардын сырткары дастан, терме, санаттарды да жогорку деңгээлде аткарчу. Азыр колуна комуз алып, элдик ырларды ырдаган бир топ жаштар андан таасирленип, шакирт болушту. Шакирт дегеним, биз сөзсүз эле устатты ээрчип жүрүп таалим алгандарды эле эмес, таасирленгендерди да айтышыбыз керек. Малик Аликеев эң алгач өнөргө келгенде эле залкарлардын жолу менен келген. Анткени ал эгемендик мезгилдеги башка ырчылардай болуп окуу жайдан музыкалык билим алып анан филармонияга иштебестен, табигый таланты менен келди".

Малик Аликеевдин замандаштарынын айтымында, анын алдыда пландары көп эле. Бирок шум ажал аны көксөөсүнө жеткирбеди. Ырчы 2022-жылдын 4-декабрында улуттук филармонияда “Өмүр тууралуу ой толгоо” аттуу концерт берген. Анда ырчынын 90дон өткөн энеси Калемкаш апа да ырдап чыккан.

Бул концерт Малик Аликеевдин угармандары менен сахнадагы акыркы кездешүүсү, коштошуусу болуп калды.

Концертте апасы ырдап жатат

 

54 жаштагы Малик Аликеев Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Ырчы “Мөлмөлүм”, “Сардал кыз”, “Арзыкан” баштаган бир катар ырларды өзгөчө чеберчиликте аткаруу менен калың элге таанылган.

Өнөрпоз соңку бир жылдан бери Улуттук “Манас” театрында эмгектенип жаткан. Аликеевдин сөөгү 19-январда өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *