Чек ара жаңжалында өрттөлгөн дагы 45 үй кайра курулуп, тапшырылды
Баткенде өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөрдүн кырк беши кайра курулуп, ээлерине тапшырылды.
Жаңжал учурунда гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон акчалай жардам берилди.
Ачкыч тапшырууга катышкан президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктарын билдирди.
Жергиликтүү тургундардын айрымдары турак жай курууда шашылбай, сапатка көңүл бурулушу керек деп сунуштап жатышат.
2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук жана бала бакча, мектеп маселесинен улам үйлөрүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылган.
Ак-Сай айылынан эле 3 миңдей жашоочу конушуна кайта элек.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кырктан ашууну аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза болгонун, 200дөйү жараат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, каза тапканы айтылган 84 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар. (JsA)