Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Ишмердиктин 99 түрү креативдүү индустрия деп аныкталды

0
Ишмердиктин 99 түрү креативдүү индустрия деп аныкталды

Кыргызстандын Экономика министрлиги креативдүү индустриянын түрлөрү катары 99 ишмердикти аныктады. Бул тууралуу бүгүн 20-январда Бишкекте өтүп жаткан Креативдүү индустриялар паркын өнүктүрүү боюнча жыйында Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Нурбек Үмөталиев билдирди.

Бул жаатта ишмердик жүргүзгөндөргө атайын салыктык режим киргизүү боюнча талкууда сүйлөп жатып Үмөталиев министрлик креативдүү ишмердик түрү катары архитектура, дизайн, графикадан тартып  жазуучулук, анимация, туристтик ишмердикке чейин тандап алганын айтты.

Анын белгилешинче, учурда өкмөттүн бул ишмердиктин түрлөрүн өнүктүрүүгө, салыктык режим киргизүүгө багытталган токтому даярдалып жатат.

Креативдүү индустриялар паркын түзүүнүн демилгечилеринин бири, ишкер Данияр Аманалиев креативдүү ишмердик жүргүзгөндөргө 0,5 пайыздык бирдиктүү салык киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрация өкүлдөрү, ишкерлер, блогерлер, ырчылар жана башкалар катышып жатат.

Былтыр август айында Кыргызстанда “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган. Аларга архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген. Дал ушул тармакта иштегендер Креативдүү индустриялар  паркына мүчө болуп, салык, социалдык төлөмдөр жаатында жеңилдиктерге ээ боло алышат. Ал үчүн өз ишин ачык жүргүзүшү зарыл. (BkA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *