Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

ТИМ ооган кыргыздары арасында тумоо күчөгөнү тууралуу маалыматты текшерүүдө

0
ТИМ ооган кыргыздары арасында тумоо күчөгөнү тууралуу маалыматты текшерүүдө

Кыргызстан Ооганстандын Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздар арасында оору күчөп, өлүм көп катталганы тууралуу маалыматты бир нече булактан такташтырып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министр Кыргызстандын Ооганстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев бул багытта иштеп жатканын жана ошол маалыматты тараткан адам менен бир нече жолугушуу болгонун айтты:

“Аны чакырып, маалыматты каяктан алганын сураштырдык. Билесиңер да, Памирде шарт аябай оор, дайым суук, шамал болуп турат. Деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр жогору жерде жайгашкан. Ооруп жаткан балдар чарчап калган, төрөт учурунда аялдар каза болгон учурлар жыл сайын катталат. Ооруканага жеткирүү татаал иш. Ал адам тараткан маалымат толук тастыкталган жок. Ооруканага жеткире албай калышкандыктан 3-4 бала чарчап калган, бир нече аял каза болгон фактылар бар. Бирок вирус жапырт жайылган деген жок. Биздин өкүл оогандык кыргыздар менен байланышта. Кар жаап, жолдор жабык тургандыктан ал жакка жетүү мүмкүн болбой жатат. Мүмкүнчүлүк болор замат аларга жардам берип турабыз, бул иш уланат. Бирок вирустун айынан каза болгондор тууралуу маалыматты азырынча тастыктай албайбыз”.

Буга чейин Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза болгонун "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу айтып берген.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *