Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Адвокат маркум Арзыгүл Галымбетованын эжеси доодон баш тартканын билдирди

0
Адвокат маркум Арзыгүл Галымбетованын эжеси доодон баш тартканын билдирди

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып жаткан блогер Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева маркумдун эжеси эч кандай доосу жок экенин айтканын “Азаттыкка” билдирди.

Анын маалыматына караганда, журналисттин эжеси буга чейин толук маалыматы болбогондуктан блогерди күнөөлөп келгенин айтууда.  “Азаттык” Арзыгүл Галымбетованын эжеси менен байланыша алган жок.

Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, кийинчерээк үй камагына чыккан.  Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, "жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат.

Галымбетованын жакындары ал 2022-жылдын 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазганын маалымдаган.

Ютубда 49 миңден ашуун катталуучусу бар ”Батма-бат” каналынын автору Жолболдуева аталган облустагы ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *